Кыргызстанда биттегендер 14 эсеге көбөйдү

Жазылуу
Муну менен бирге сасык тумоо жана сифилис оорусун жуктуруп алгандардын да саны жогорулады.

БИШКЕК, 23-мар. — Sputnik. Жыл башынан бери биттеген кыргызстандыктардын саны былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу 14 эсеге көбөйгөнү Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Оорулуу процедура учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Айыкпас ала оорусунан сакайган Айжандын окуясы
Ага ылайык, 50 миң тургундун бирөө педикулез дартына чалдыккан. Бирок жугуштуу оорулардын алдыңкы катарында сасык тумоо турат. Январь-февраль айынын аралыгында ар бир миңинчи кыргызстандык бул дартка чалдыгып, былтыркыга караганда 1,4 эсеге көбөйгөн.

Грипп менен ооруган жарандардын саны 2,5 эсеге жогорулаган: мында 10 миң кишинин бирөө гриппке тушуккан. Ал эми сифилис дартына 100 миң кишинин бири чалдыгып, былтыркыга караганда ооругандардын саны 25 пайызга көбөйгөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0