Салык кызматы бизнес чөйрөнү инвентаризациялоону баштады

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүСалык кызматынын имаратында. Архив
Салык кызматынын имаратында. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Субъектилердин жайгашкан жерин тактоо салыктарды тескеп-башкарууну жакшыртууга, ишкерлик чөйрөсүндөгү чарба субъектилерине карата көзөмөлдү күчөтүүгө жана ыкчам чараларды кабыл алууга багытталган.

БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы бизнес чөйрөнү инвентаризациялоону баштады. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Ага ылайык, аймактык салык органдары үстүбүздөгү жылдын 10-майына чейин өз аймактарында экономикалык ишмердик менен алектенген чарба субъектилердин жайгашкан жерин тактайт.

"Бул чара салыктарды тескеп-башкарууну жакшыртууга, ишкерлик чөйрөсүндөгү чарба субъектилерине карата көзөмөлдү күчөтүүгө жана ыкчам чараларды кабыл алууга багытталган", — деп айтылат билдирүүдө.

Салык төлөө - Sputnik Кыргызстан
Салык кызматы декларация кабыл алуу үчүн күчөтүлгөн режимде иштеп жатат
Инвентаризациялоо жерди пайдалануу жана курулуш маселелерине жооптуу болгон бийликтин жергиликтүү органдары, ошондой эле райондук (шаардык) кызматтар менен тыкыс өз ара аракеттенишүү менен жүргүзүлөт.

Салык кызматкерлери тегиз инвентаризациялоону өз учурунда жүргүзүүгө жана чарба субъектилердин жайгашкан орду боюнча маалыматты сапаттуу түзүүгө жоопкерчиликтүү болушат.

Өз ишин аткарбаган кызматкерлерге карата кескин тартиптик чаралар колдонулат.

Жаңылыктар түрмөгү
0