Кыргызстанда абаны булгоого тыюу салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековБишкек шаарынын борбор Ала-Тоо аянты. Архив
Бишкек шаарынын борбор Ала-Тоо аянты. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт эми калктын саламаттыгына доо кете турган болсо абаны булгоочу заттардын чыгындысын чектеп, токтотуп жана ага тыюу сала алат.

БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев "Атмосфералык абаны коргоо жөнүндө" мыйзамына кол койгонун өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.

ТЭЦ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан экологиялык эффективдүүлүк индекси рейтингинде 54 пунктка көтөрүлдү
Долбоор өкмөт тарабынан иштелип чыгып, Жогорку Кеңеш аны 17-февралда колдоп берген.

Мыйзамда Кыргызстанда экологиялык коопсуздукту камсыздоо максатында жана калктын саламаттыгына доо кетирүүнүн алдын алуу үчүн атмосфераны булгоочу заттардын чыгындысына чек коюлушу керектиги белгиленген.

Аны чектеп, токтотуп же тыюу салуучу жолду өкмөт иштеп чыгышы керек.

Мыйзам расмий жарыялангандан соң он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0