Унаа салыгын төлөгөндөргө атайын чаптамалар берилди

Жазылуу
Чаптамалар салык органынын кызматкеринин колу жана анын ысымдык мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Мамлекеттик салык кызматы жыл башынан бери автоунаа салыгын төлөгөн жарандарга 16 миң 857 атайын чаптамаларды берди. Бул тууралуу аталган мекеме билдирди.

Премьер-министр Темир Сариев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев: өкмөт негизсиз текшерүүлөрүнө чек коё турган системанын моделин иштеп чыгат
Салыктын төлөнгөнүн ырастоочу бул чаптама (так отчёттуулук бланкы) маалыматтык эсепти тапшырып, автоунаа каражаттарына салык төлөнгөндөн кийин тийиштүү орган тарабынан салык төлөөчүгө акысыз берилет. Ал салык органынын кызматкеринин колу жана анын ысымдык мөөрү менен күбөлөндүрүлөт.

Эскерте кетсек, өкмөттүн токтому менен автоунаа каражаттарына салык төлөө фактысын ырастоочу атайын чаптамалар ушул жылдын башынан тартып киргизилген. Бул 4-топтогу мүлк объектилеринен салык алуу механизмин жакшыртуу максатында жасалган.

Атайын чаптама Салык кодексинин 330-беренесине ылайык унаа салыгын төлөөдөн бошотулган жактарга да берилет.

Жаңылыктар түрмөгү
0