Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматы тууралуу биле жүрүңүз

© Sputnik / Бакыт ТолкановЖаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматкеринин формасы. Архив
Жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматкеринин формасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иштөө убактысы 24 саатты түзүп, сегиз саат сайын нөөмөт алмашып турат. Ар бир нөөмөттө 60тан экипаж болот.

БИШКЕК, 1-апр. — Sputnik. Жол кайгуул кызматы менен Кайгуул посттук кызматы бириктирилип Патрулдук милиция түзүлдү. Ал 1-апрелден тарта Бишкек шаарында, Чүй жана Ысык-Көл облустарында иштей баштады. Ал эми 1-июндан баштап Кыргызстандын башка аймактарында дагы кызматка киришет. 

Башкармалык үчүн 500 видеокаттоо сатып алынган

Көп кездешчү суроолорго жаңы түзүлгөн патрулдук милиция кызматынын жетекчилиги жооп берди. 

Жаңы башкармалык кандай максатта түзүлдү?

Видеокамера жана жаңы машина. КРдин үч аймагында патрулдук милиция иштей баштады
Буга чейин жол кайгуул кызматы менен кайгуул посттук кызматы эки бөлөк болуп, бири жолду көзөмөлдөсө, экинчиси жарандардын коопсуздугуна жооп берип келген. Мындан ары жаңы түзүлгөн башкармалык эки кызматты тең бирдей аркалайт. Ал үчүн кызматкерлер райондорго бөлүнөт.

Кызматкерлер кайсы мыйзам бузууларга чара көрөт?

Жарандардын бардык кайрылууларына жардам көрсөтөт. Тоноо, зордуктоо, уурдоого каршы аракет жасап, жол эрежелерин бузгандарга айып сала алат. 

Жарандар кайрылганда канча убакыт ичинде жардам көрсөтүлөт?

Эгерде тыгын жок болсо үч мүнөт. Жолдо кыйынчылык жаралса 10 мүнөт аралыгында.

Экипаждын саны канча болот?

Иштөө убактысы 24 саатты түзүп, сегиз саат сайын нөөмөт алмашып турат. Ар бир нөөмөттө 60тан экипаж болуп, анын 30 экипажы Бишкекте, 20сы Чүй жана 10 экипажы Ысык-Көл облустарында болот. 

Экипажда канча кызматкер бар?

Экипаж үч милиция кызматкеринен туруп, анын экөөсү коомдук тынчтыкты сактоочу милиция, бирөөсү жол эрежелерин көзөмөлдөөчү инспектор болот.

Патрулдук унаалар мурункудай болуп жашынууну улантабы?

Жок. Жашынып жол тосууга тыюу салынат. Мындан сырткары, жолдо жеке унаалар менен көзөмөл да кылууга болбойт. Патрулдук милиция үчүн атайын кызматтык унаалар берилди.

Айыпты жеринен төлөсө болобу?

ИИМ патрулдук милиция эмнеге түркчө жазуусу бар күрмө кийгенин түшүндүрдү
Ооба, бардык патруль кызматкерлери POS-терминалдар менен жабдылган. Андыктан жеринен айыпты төлөп, кете берсе болот. 

Коррупцияга кантип бөгөт коюлат?

Милиция кызматкерлерине видеокаттоо берилет. Ал ар бир иш кадамын тартып турат. Кызматкер өз алдынча аны өчүрүп, же сакталган флеш картаны ала албайт. Эгерде антчү болсо дисциплинардык жазага тартылат. Тартылган видео серверге көчүрүлөт. 

Эгерде экипаж өзүнүн районунда эмес, башка жакта болсо жарандарды же унааларды текшерүүгө укуктуубу?

Мыйзам боюнча патрулдук милициянын кызматкерлери жардам сурап кайрылгандарга жооп берүүсү керек. Бирок башка районду көзөмөлдөп жүрүүгө тыюу салынган. Алардын кадамын видеокаттоо аркылуу байкап турабыз.

Патрулдук милицияга арыз жазуу үчүн кайда кайрылуу керек?

Мамлекеттик патрулдук милиция кызматына, шаардык, райондук ички иштер башкармалыгына кайрылса болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0