Каттоо кызматы Кыргызстандагы кеңири тараган ысымдарды жарыялады

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив
Футбол беттешиндеги күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Былтыр Каттоо кызматы 90 миңден ашуун жаранды паспорт менен камсыздаган.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Кыргызстанда кеңири тараган ысым менен фамилияларды аныктады. Мындай маалымат 2005-жылдан 2016-жылга чейинки аралыкта берилген паспорттордун маалымат базасынан алынды.

Электрондук тейлөө порталынын мобилдик тиркемеси ишке кирди
Кыргызстанда эркектер арасында кеңири жайылган ысымдар — Азамат, Александр, Нурбек, Нурлан жана Айбек. Кыз-келиндердин арасында Айнура, Наргиза, Татьяна, Динара жана Аидалар басымдуулук кылат. 

Ал эми Исмаилов, Абдуллаев, Акматов сыяктуу фамилиялар кеңири тараган. 

Былтыртан бери райондук паспорт-виза жана каттоо бөлүмүндө "Паспорт" аталышындагы автоматташтырылган маалымат системасы ишке киргизилген. Мында документтер электрондук форматта толтурулат. Бул система аркылуу 90 миң 442 жаран паспорт алды.

Бүгүнкү күндө улуттук паспорттордун мамлекеттик реестринде 3 миллион 820 ID-карт жана 2 миллион 466 чет элдик паспорт бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0