Президент 7-апрелди дем алыш күн деп жарыялады

© SputnikКалендарь. Архив
Календарь. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин ЖК үч окуудан тең 7-апрелди дем алыш деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырган.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. КР президенти Алмазбек Атамбаев 7-апрелди дем алыш күн деп жарыялоо боюнча мыйзамга кол койду.

Буга чейин ЖК үч окуудан тең 7-апрелди дем алыш деп жарыялоо боюнча мыйзам долбоорун жактырган

Белгилей кетсек, 4-апрелде Атамбаев эркиндик, демократия жана адилеттүүлүк үчүн күрөш жолундагы эң оор, эң татаал соңку ашуусун элибиз 2010-жылдын 7-апрелинде ашып өткөнүн эске алып, Жогорку Кеңеш депутаттарына жылына белгиленүүчү "7-апрель – Элдик Апрель революциясы күнүн" Эмгек кодексте белгиленген жумуш эмес майрам күндөрүнүн тизмесине киргизүү сунушун жөнөткөн.  

Кыргызстандагы дем алыш күндөр
Кыргызстандагы дем алыш күндөр - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы дем алыш күндөр

Жаңылыктар түрмөгү
0