Кыргызстандык жаран эл аралык деңгээлдеги окумуштуулардын катарына кирди

© Фото / предоставлено Тилеком ТоктогазиевымКыргызстандык Тилек Токтогазиев. Архив
Кыргызстандык Тилек Токтогазиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эми илимпоз эл аралык "SmartAgro БРИКС+" жайкы мектебине барат. Ага бир катар өлкөнүн окумуштууларына чакыруу берилди. Кыргызстандык жаран мыктылардын катарына күнөсканалардагы температура менен нымдуулукту көзөмөлдөө боюнча долбоору үчүн кирди.

БИШКЕК, 6-апр. — Sputnik. Кыргызстандык Тилек Токтогазиев эл аралык "SmartAgro БРИКС+" жайкы мектебине катыша турганын Sputnik Кыргызстан агенттигине уюштуруучулардын бири, Сколково университетинин директору Андрей Егоров билдирди.

Анын айтымында, 31-мартта Алматы шаарында "Сколково" фонду студенттер жана жаш илимпоздор үчүн атайын сынак өткөрүп, баш байгесине эл аралык "SmartAgro БРИКС+" жайкы мектебине катышуу жарыяланган.

"Айыл чарба жаатындагы долбоорлор тандалды. Жайкы мектепке Тилек Токтогазиев да чакырылды. Ал күнөсканалардагы температура менен нымдуулукту көзөмөлдөө боюнча долбоор даярдаган", — деди Егоров.

Директор мектеп Москва шаарында 3-8-июль күндөрү уюштурулуп, Россия, Кытай, Бразилия, Индия, Түштүк Африка жана КМШ мамлекеттеринен 120 окумуштуунун башын бириктирерин айтты. 

Жаңылыктар түрмөгү
0