Түрк кеңешине мүчө мамлекеттердин туризм министрлери Кыргызстанга чогулат

© Владислав УшаковЫсык-Көл. Архив
Ысык-Көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрлер Улуу Жибек Жолу аркылуу өтчү туристтик каттамдарды бекитүүнү да талкуулашат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Түрк кеңеши мамлекетинин туризм министрлеринин 3-саммимити Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында июнь айында өтөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлиги билдирди.

Бишкек шаарындагы мечит. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан халал-туризм рейтингинде алдыңкы орунда
Министрлер туристтик операторлор жана ишкерлер менен биргеликте "Заманбап Жибек Жолу" эл аралык долбоорун талкуулашат. Саммиттин катышуучулары Улуу Жибек Жолу аркылуу өтчү туристтик каттамдарды бекитүүнү талкуулашат.

Ошондой эле Көчмөндөр оюнун өткөрүү маселелери да ортого салынат.

Боло турчу эл аралык иш-чарага БУУнун Бүткүл дүйнөлүк туристтик уюмунун башчысы Рифаи Талеб, Түрк кеңешинин башкы катчысы Рамил Гасанов, Азербайжан, Казакстан жана Түркиянын туризм министрлери келет.

Түрк кеңешине быйыл Кыргызстан төрагалык кылгандыктан туризм министрлеринин саммитин КРде өткөрүү чечими кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0