Бир жумадан кийин Кыргызстанда мотосезон ачылат

© Sputnik / Сергей Пивоваров / Медиабанкка өтүүМотомарш. Архив
Мотомарш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Иш чаранын алкагында Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын мото клубдарынын өкүлдөрү келет.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. 23-апрелде борбор калаанын Жеңиш аянтында салтка айланып калган мотосезондун ачылышы болот. Бул тууралуу "ТОР" мотоклубунун президенти Петр Попов Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине билдирди.

Зыяратчыларды Мекке — Медина каттамы боюнча акыркы үлгүдөгү автобустар ташыйт
Маалыматка ылайык, иш чаранын максаты Кыргызстандын жолдорундагы мотоциклисттер менен айдоочулардын коопсуздугун сактоо жана мото спортун жайылтуу болуп саналат. Иш чаранын алкагында Тажикстандын, Өзбекстандын, Казакстандын жана Россиянын мото клубдарынын өкүлдөрү келет.

Ошондой эле, шаар көчөлөрүндө патрулдук милициянын коштоосунда атайын жүрүш уюштурулат. Жеңиш аянтында мото спорту боюнча спортчулар өз өнөрлөрүн тартуулайт. Андан сырткары иш чара майрамдык концерт менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0