Air Bishkek авиакомпаниясы каттамдарын токтотту

© Sputnik / Владимир Сергеев / Медиабанкка өтүүУчак. Архив
Учак. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин аталган компаниянын учактары алты багытка уччу. Бирок жакында эле учуулары токтотулганы белгилүү болду.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Air Bishkek авиакомпаниясы каттамдарын токтотконун Sputnik Кыргызстан агенттигине Транспорт жана коммуникация министрлигинин алдындагы Жарандык авиация агенттигинин директорунун орун басары Мураталы Токтобеков билдирди.

Анын айтымында, аталган компания 2-3 айдан бери учууларын токтоткон.

"Жүргүнчү ташыган жалгыз учагы ремонтто. Азырынча эч кандай расмий документ берише элек", — деди ал.

Токтобеков ремонт иштери эмнеге мынча узак болуп жатканын жана компания эмне себептен ижарага башка аба кемесин алып иштетпегенин билбей турганын кошумчалады.

"Air Bishkek авиакомпаниясы өзүнүн каттамдарын токтотту", — дешти Kyrgyz Concept туроператорунан.

Бирок Air Bishkek компаниясынын өкүлү Асел Келдибаева каттамдар июлда кайра жандана турганын белгиледи.

"Учурда аба кемесинин кыймылдаткычтарын алмаштыруу иштери жүрүп жатат, июль айында иш калыбына келет", — деди ал. 

2015-2016-жылдын кыш айларында аталган компания Бишкектен Москвага, Сургутка, Үрүмчүгө жана Ошко карай каттап келген. Мындан тышкары, Оштон Москва жана Иркутск шаарларына шаарларына ачылган багыттары болгон.

Ал эми компания 2007-жылы 7-февралда каттоодон өткөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0