БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. Жарандар салык карыздарынын өсүп кеткен туумдарын азайтууга мүмкүнчүлүк жаралганын Мамлекеттик салык кызматынын маалымат кызматы билдирди.
Мындай жеңилдетүү "Салыктар жана бажы төлөмдөрүнө кошуп эсептелген пайыздар, туумдар, салык санкциялары боюнча карызды кайра түзүмдөштүрүү жөнүндө" мыйзамга ылайык болуп жатканы маалыматта белгиленген.
Аталган мыйзам ушул жылдын 1-майына чейин иштейт.
"Үстүбүздөгү жылдын 1-майына чейин салык карызынын негизги суммасын (2015-жылдын 1-августуна карата) жана учурдагы төлөмдөрүн төлөгөн жарандардын туумдары менен салык санкциялары 50 пайызга кыскартылат", — деп айтылат маалыматта.
Бул үчүн салык төлөөчү каттоо орду боюнча салык органына кайрылуусу керек.