Кыргызстанда жайкы туристтик сезон ачык деп жарыяланды

© SputnikЫсык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде жайкы туристтик сезондун ачылышы болду.
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы Рух Ордо этнокомплексинде жайкы туристтик сезондун ачылышы болду. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу атайын иш-чара өттү.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Кыргызстанда жайкы туристтик сезон расмий түрдө ачылды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Бүгүн салтанаттуу иш-чарага вице-премьер-министр Гүлмира Кудайбердиева, өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Асхат Акибаев, Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин Туризм департаментинин директору, министрдин орун басары Азамат Жаманкулов катышты.

© SputnikЫсык-Көл облусунун Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу атайын иш-чара өттү.
1/3
Ысык-Көл облусунун Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу атайын иш-чара өттү.
© SputnikБул салтанаттын алкагында "Салам, Ысык-Көл — 2016!" фестивалы да уюштурулуп, Issyk-Kul ITF 2016 эл аралык туристтик көргөзмөсү да эшигин ачты.
2/3
Бул салтанаттын алкагында "Салам, Ысык-Көл — 2016!" фестивалы да уюштурулуп, Issyk-Kul ITF 2016 эл аралык туристтик көргөзмөсү да эшигин ачты.
© SputnikАга Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 39 туроператорлору катышты.
3/3
Ага Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 39 туроператорлору катышты.
1/3
Ысык-Көл облусунун Чыңгыз Айтматов атындагы "Рух Ордо" этнокомплексинде жайкы туристтик сезондун ачылышына байланыштуу атайын иш-чара өттү.
2/3
Бул салтанаттын алкагында "Салам, Ысык-Көл — 2016!" фестивалы да уюштурулуп, Issyk-Kul ITF 2016 эл аралык туристтик көргөзмөсү да эшигин ачты.
3/3
Ага Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 39 туроператорлору катышты.

Бул салтанаттын алкагында "Салам, Ысык-Көл — 2016!" фестивалы да уюштурулуп, Issyk-Kul ITF 2016 эл аралык туристтик көргөзмөсү да эшигин бардык каалоочуларга ачты. Ошондой эле, бүгүн Issyk-Kul awards сыйлыгы өз ээлерин табат.

Issyk-Kul ITF 2016 эл аралык туристтик көргөзмөсү биринчи жолу фестиваль форматында өтүп жатат. Ага Россиянын, Казакстандын, Өзбекстандын, Тажикстандын жана Кыргызстандын 39 туроператорлору катышты.

Ысык-Көлдө эс алгандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
БУУ: Кыргызстан туристтер көп келе турган мамлекеттердин көч башында
Белгилей кетсек, быйылкы жылы Кыргызстан жана башка мамлекеттер орртосундагы кызматташтыкты чыңдоо жана өнүктүрүү максатында Кыргызстандын курорттук жайлары үчүн сынак уюштурулган, анда эс алуучу жайлар жакынкы жана алыскы чет мамлекеттердин маданий өзгөчөлүгү жана салттары тууралуу баяндап беришет.

Быйыл 18-ирет өтүп жаткан "Салам, Ысык-Көл" фестивалынын алкагында Google компаниясынын Street view долбоорунун бет ачары да болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0