Жээнбеков: бардык өткөрмө бекеттердеги таразалар электрондошот

Жазылуу
Өткөрмө бекеттер электрондук системага өтө турган болсо, адам фактору жокко чыгарылат.

БИШКЕК, 10-май — Sputnik. Бардык өткөрмө бекеттердеги таразаларды электрондоштуруу тапшырмасын премьер-министр Сооронбай Жээнбеков Транспорт жана коммуникация министрлигине тапшырды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Анда айтылгандай, премьер-министр жолдор жетиштүү деңгээлде оңдолуп жатканы менен жүктөрдү таразалоо ишинде кемчиликтер болгондуктан, жолдор тез эле талкаланып жатканын белгилеген. 

"Премьер-министр өлкөдөгү бардык тараза бекеттерин бирдиктүү электрондук системага туташтыруу ишин ушул жылдын аягына чейин бүткөрүүнү тапшырды", — деп айтылат маалыматта. 

Бул иш аткарылса жүктү көзөмөлдөө ишинде ачыктык камсыз болуп, адам фактору жокко чыгарылат. Каалаган адам процесстин жүрүшүн интернет аркылуу көрө алары маалыматта баса белгиленет.

Жаңылыктар түрмөгү
0