Быйыл мектептерде акыркы коңгуроо 27-майда кагылат

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКоңгуроо. Архив
Коңгуроо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы коңгуроонун 27-майга туура келиши кышкы каникулдун узарып кеткендигине байланыштуу.

БИШКЕК, 11- май — Sputnik. Кыргызстанда акыркы коңгуроо 27-майда кагылат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы билдирди. 

Мекеме быйыл 62 миңге жакын окуучу 11-классты жана 93 миңге жакын балдар-кыздар 9-классты аяктай турганын кошумчалады. 

Ал эми акыркы коңгуроонун 27-майга туура келиши кышкы каникулдун узарып кеткендигине байланыштуу экени белгиленди. Эскерте кетсек, былтыр акыркы коңгуроо 29-майда өткөн. 

Жаңылыктар түрмөгү
0