2016 - жылдын календары. Архив

Кулжа, теке, баш оона. Айлардын кыргызча аталышы такталууда

18563
(жаңыланган 09:22 17.05.2016)
Кыргызстанда календардагы ай аттарын кыргызча атоо боюнча атайын комиссия түзүлдү. 15 кишиден турган топ өз сунушун Жогорку Кеңешке жөнөтөт.

БИШКЕК, 16-май — Sputnik. Кыргызстанда айлардын аталышын кыргызчалоо боюнча сунуштар айтылууда. Бул боюнча атайын жыйын өтүп, комиссия түзүлдү.

Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиянын котормо бөлүмүнүн башчысы Аалы Молдокановдун айтымында, акыркы учурларда календарларды чыгарууда айлардын аталышы түрдүү айтылып, баш аламандыктар көп болууда. Андыктан аларды бир калыпка салып, жыл санактагы (календарь) ай аттарын бирдиктүү системага салуу замандын талабы экенин белгиледи.

"Азыр чыккан календарларда айлардын кыргызча жазылышы баш аламан. Мисалы январды "үчтүн айы" дегендер бар. Ошол эле учурда Дастан Сарыгулов, Төрөн Жумаев деген жыл санакчылардын календарларында январь "бирдин айы" деп жүрөт. Мындай эки ача жазуулар баш аламандыкты жаратууда", — дейт ал.

Молдоканов мындан улам буларды жоюу үчүн 15 адамдан турган атайын комиссия түзүлүп, алар дагы иликтеп, кыргыздын бир калыптагы жыл санагын иштеп чыгып, Жогорку Кеңешке сунуштамай болгонун кошумчалады.

  • Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет
    Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет
    © Sputnik / Расул Усеналиев
  • Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду.
    Атайын топ бирдиктүү жылсанакты (календарь) иштеп чыга турган болду.
    © Sputnik / Расул Усеналиев
1 / 2
© Sputnik / Расул Усеналиев
Календардагы ай аттарын ар ким ар башкача жазып келет

Ал ошондой эле жыйынга катышкандар ар кимдин башын айлантпай айларды биринчи, экинчи, үчүнчү деп эле атоону сунуштаганын билдирди.

Ата-бабалардын изи менен

Элдик жыл санакчы Төрөн Жумаев айлардын аталышын кыргыздар кылымдар мурун эле билгенин айтат. Анын түзгөн жыл санагы ошол байыртадан бери айтылып, калк арасында колдонулуп келген нерселердин негизинде, жети эмес жетимиш жолу өлчөнгөн.

Жумаевдин айтымында, айларды кыргыздар жөн жерден эле атап алган эмес. Январь — Бирдин айы, февраль — Жалган куран, апрель — Чын куран, май — Кулжа, июнь — Теке, июль — Баш оона, август — Баш оона, сентябрь — Тогуздун айы, октябрь — Жетинин айы, ноябрь — Бештин айы жана декабрды — Үчтүн айы деп атоо керек.

"Жыл Бирдин айынан башталат. Февралдын Жалган куран деп аталышы жөн жерден эмес. Себеби курандын (кийик. Авт.) эркеги менен ургаачысын айырмалоо февраль айында кыйын. Экөөнүн тең мүйүздөрү жок болот. Чын куран айында (март) эркегинин мүйүзү чыгып, айырмаланып калат", — дейт ал. 

Жумаев маралдар козусун, эликтер чаарчыктарын апрель айында туугандыктан ал Бугу деп байыртадан бери аталып калганын кошумчалады. 

Июль айы — Баш оона, август — Аяк оона деп аталарын ал мындайча түшүндүрдү.

"Июль айынан баштап күн кыскаргандыктан ал Баш оона деп аталат. Ал эми августта боз үйдүн чамгарагынан түшкөн күндүн нуру коломтого тик эмес, меймандардын бут жагына түшкөндүктөн аны Аяк оона деп атап келишкен", — дейт ал.

Сентябрь айы бышыкчылыктуу, малдын семирген мезгилине туш келгендиктен аны Тогуздун айы деп аташканын, бул айда ата-бабалар кыздын калыңына семиз малды тандап, тогуздап бергенин кошумчалады.

Октябрь — Жетинин айы. Жетинин айында бийик тоолуу аймактарда кыш мезгилинин анча-мынча белгилери байкалып калат. Бул айга карата кыргыздар — Жетинин айы жаңырды, жээкке жайба малыңды, Эмитен камың болбосо, кыш сурайт сенин алыңды, — деп айтышкан.

Ноябрь — Бештин айы. Бул айга карата да эл арасында — Бештин айы жаңырды, безилдеп шамал чамынды, Белсемдүү камың болбосо, кыш сурайт сениң алыңды, — деген сөз ушундан калганын Жумаев баса белгиледи. Ал ошондой эле кыргыздар жай чилде, кыш чилде деп мезгилдердин өзгөчөлүгүн аныктап келгенин кошумчалады.

Аталган конференцияда Кыргыз Эл артисти Түгөлбай Казаков да ай аттарын "көктөм", "чилде" сыяктуу аталыштар менен атоону сунуштаган.

Жай чилде тууралуу

Кырк күнгө созулган жай чилде 8-июлда башталып, 18-августка чейин созулат. 19-августтан тарта Сумбула жылдызы чыгып, бийик төрлөрдөгү суулар тоңо баштайт. Жумаев Сумбула жылдызы чыккандан тарта суу ташкыны токтоду деп ата-бабалар ишенип келгенин баса белгиледи.

18563
Белгилер:
календарь, Төрөн Жумаев, Аалы Молдоканов
Тема боюнча
Ай аттарын "көктөм", "чилде" деп кыргызча атоо сунушталууда
Тил комиссиясы жол белгилеринин кыргызча туура жазылуусун колго алды

Каракчылыкка шектүүнү Бишкекте спецназ кармады. Видео

233
(жаңыланган 23:09 02.12.2020)
Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, ири суммадагы акчаны алып кетишкен.

Бишкекте Криминалдык милициянын кызматкерлери спецназ жоокерлери менен биргеликте мыкаачылык менен кол салууга шектелген жаранды кармашты.

Кармоо учурундагы видеону Бишкек ШИИБинин маалымат кызматы жарыялады.

Маалыматка караганда, 8-октябрь күнү "Жер ынтымагы" конушундагы үйлөрдүн бири каракталган. Жабырлануучу аялдын айтымында, белгисиз адамдар үйгө кирип келип андагыларды ур-тепкиге алган. Ал эми жолдошун байлап салып, 5 500 доллар, 150 миң сом жана 60 миң сомдук алтын буюмдарды уурдап кетишкен.

Жазык кодексинин 202-беренесине (“Каракчылык”) ылайык сотко чейинки өндүрүш башталган.

Жыйынтыгында 32 жаштагы шектүү кармалып, убактылуу кармоо жайына киргизилди.

233
Белгилер:
шектүү, каракчылык, милиция, Бишкек
Тема боюнча
Уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсүн кармаган видео жарыяланды
Шайлоо участогундагы электрондук урна. Архив

КП парламенттик шайлоонун узартылышы боюнча өз чечимин түшүндүрдү

24
(жаңыланган 23:21 02.12.2020)
КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

БИШКЕК, 2-дек. — Sputnik. Жогорку соттун Конституциялык палатасы (КП) парламенттик шайлоонун мөөнөтүнүн узартылышын эмне үчүн мыйзамдуу деп тапканын түшүндүрдү.

КПнын отуруму бүгүн, 2-декабрда, болуп, акыркы чечим кабыл алынды. Жыйынга Карыбек Дүйшеев төрагалык кылып, палатанын калган жети мүчөсү да катышты.

Маалыматка караганда, мамлекет кандайдыр бир өзгөчө абалга кабылбайт деп кепилдик берүү мүмкүн эмес. Андыктан мындай кырдаал жаралганда айрым мыйзамдарды шашылыш түрдө кабыл алып, пайдаланса болот.

“Өлкөнүн ошол кезде масштабдуу социалдык-саясий кризисте турганын тана албайбыз. Ошол себептүү Жогорку Кеңештин өзгөчө абал учурунда шайлоонун мөөнөтүн жылдырууга жана башка маанилүү чечимдерди кабыл алууга укугу бар болчу”, — деп айтылат билдирүүдө.

Жогорку Кеңеш саясий кризистен, социалдык чыңалуудан чыгуу үчүн, ошондой эле бийликтин ишинин эффективдүүлүгүн кармап туруу үчүн ар кандай чечим кабыл алса болору кошумчаланды.

Белгилей кетсек, 21-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоону кайрадан өткөрүүнү 20-декабрга дайындаган. Бирок анын эртеси Жогорку Кеңеш шайлоонун мөөнөтүн жылдыруу, башкача айтканда, БШК таянып иш алып барып жаткан беренени токтото туруу мыйзамын кабыл алды. Ага ылайык, шайлоо күнү конституциялык реформадан кийин, 2021-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөткө белгиленген. Аталган мыйзамга ошол убактагы президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаров кол койгон. Азыркы парламенттин беш жылдык мөөнөтү 28-октябрда аяктаган.

Ал эми БШК өз мөөнөтүндө өткөрүү талабы менен Жогорку сотко чейин даттанып утулуп калган.

Буга чейин Конституциялык палата Венеция комиссиясына дал ушул жагдай боюнча кайрылып, жооп алган.

24
Белгилер:
шайлоо, чечим, Жогорку Кеңеш, Конституциялык палата
Тема:
Жогорку Кеңешке боло турган кайра шайлоо
Тема боюнча
КП ЖК мөөнөтүнүн узартылышын мыйзамдуу деп тапты. Жыйында тараптар эмне деди