Ажылыкка каттоо зыяратчылардын шартына карап 20-майга чейин узартылды

© AFP / SAM PANTHAKYАжыдагы мусулмандар. Архив
Ажыдагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Учурда Кыргызстанда 34 каттоо пункту иш алып барууда. Мөөнөттү узартуу демилгеси муфтийдин буйругу менен бекиди.

БИШКЕК, 17-май — Sputnik. Ажылыкка каттоо үстүбүздөгү жылдын 20-майына чейин узартылды. Бул тууралуу муфтияттын маалымат кызматы билдирди. 

Бул жарлык Кыргызстан мусулмандарынын муфтийи Максатбек ажы Токтомушевдин буйругу менен бекитилди. 

Өлкө аймагындагы буга чейин белгиленген 11-майга чейин катталууга жетишпей калган жарандар бул аралыкта өз аймактарындагы каттоо пункттарына барып, тизмеге кирүүсү зарыл. 

Учурда каттоо иши Кыргызстандын бардык аймактарында өткөрүлүп, жалпысынан 34 каттоо пункту иштөөдө.

Жаңылыктар түрмөгү
0