ИИМ өлкө жетекчилеринин унаа айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштады

© Sputnik / Руслан Кривобок / Медиабанкка өтүүКараңгылатуу алуу. Архив
Караңгылатуу алуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоордун негизги максаты Жогорку соттун Конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу болуп эсептелет.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Ички иштер министрлиги өлкө жетекчилери менен алардын жан сакчыларынын унааларынын айнектерин караңгылатууга уруксат берүү сунушун коомдук талкууга алып чыкты. 

ИИМден билдиришкендей, мыйзам долбоордун негизги максаты Жогорку соттун конституциялык палатасынын чечимин ишке ашыруу болуп эсептелет. Анда өткөн жылдын 8-апрелинде алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берилген унаалардын тизмесин бекитүү каралган. 

Ал эми депутат Дастан Бекешов өлкө жетекчилеринин унааларынан башка бардык айдоочуларга унаалардын алдыңкы айнектерин караңгылатууга тыюу салуу боюнча мыйзам долбоорун сунуштаган. 

Жогорку кеңеш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бейөкмөт уюмдарды тескеген мыйзам долбоору парламентте колдоо тапкан жок
Мыйзам долбоор профилдик комитеттин биринчи жана экинчи окууларынан өткөнү менен пленардык жыйында четке кагылган. 

Мындан улам өлкө жетекчилеринин унааларынын маңдайкы айнектерин караңгылатуу боюнча Конституциялык палатанын чечими ишке ашпай калган. 

Учурда ИИМ президенттин, премьер-министрдин, Жогорку Кеңештин төрагасынын, Жогорку соттун төрагасынын жана өлкө жетекчилеринин коопсуздугуна жооп берген Улуттук коопсуздук кызматынын унааларынын алдыңкы айнектерин караңгылатууга уруксат берүүнү сунуштап жатат. 

Мындан сырткары, акчаларды, баалуу кагаздар менен камакка алынгандарды жеткирүүчү "Кыргыз инкассация" ЖАКтын унааларынын айнектерин караңгылатуу да сунушталды. 

Жаңылыктар түрмөгү
0