Былтыры ажыга барган кыргызстандык мусулмандар. Архив

Муфтият: быйыл ажылыкка катталгандар былтыркыга караганда эки эсеге аз

130
(жаңыланган 22:26 18.05.2016)
Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгы бул көрүнүш учурдагы кризиске байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирде.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Быйыл ажылыкка катталгандар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине муфтияттан билдиришти. 

Маалыматка ылайык, учурда ажылыкка барууну каалаган 4667 адам каттоодон өткөн. 

Эске сала кетсек, зыяратчылардын аздыгынан улам каттоо 20-майга чейин узартылган. 

"Учурда каттоо иштери улантылып жатат. Былтыр сегиз миңден ашуун адам каттоодон өтсө, быйыл 4667 адам гана катталган. Дагы көбөйүп калат деген ойдобуз", — дейт маалымат кызмат. 

Муфтият бул көрүнүш учурдагы кризиске байланыштуу болушу мүмкүн деген пикирде. 

Быйыл Кыргызстанга 3685 квота берилген. 

130
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, маселе
Тема:
Ажылык — 2016 (52)
Тема боюнча
Кийинки жылы ажылыкка баргысы келгендер өз үйүндө эле каттоодон өтө алат
Ажылыкка каттоо зыяратчылардын шартына карап 20-майга чейин узартылды
Кишилер Бишкектеги жарманкеден азыктарды алып жатат. Архив

Бишкекте азык-түлүк жарманкеси жылдын аягына чейин өтөт

4
(жаңыланган 12:41 01.12.2021)
Жарманкеге фермерлер жана өндүрүүчүлөр өз товарларын алып чыгып, арзан баада сата турганы айтылууда. Иш-чара Бишкектин чок ортосунда өтөт.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Бишкек шаарынын борборунда жылдын аягына чейин ар жума сайын салтка айланган айыл чарба жарманкеси өткөрүлөт. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Жарманке ишемби жана жекшембиде саат 09:00дөн 16:00гө чейин баш калаанын Раззаков көчөсүндө Киев менен Токтогул көчөлөрүнүн ортосунда өтөт.

Министрлик жарманкеден айыл чарба жана тамак-аш өнөр жай өнүмдөрүн, жумуртка, эт, сүт азыктарын, жашылча жана башкаларды ортомчуларсыз, өндүрүүчүлөрдүн баасы менен сатып алууга болорун айтууда.

4
Белгилер:
Бишкек, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги, азык-түлүк, жарманке
Тема боюнча
Жапаров: өлкөдө азык-түлүк менен камсыз кылуунун деңгээли кооптуу абалда
Кыргызстанда өсүмдүк майын өндүрүү боюнча кластер түзүлөт
Жогорку Кеңештеги депутаттын орун жайы. Архивдик сүрөт

Үч депутаттын кол тийбестигин карачу комиссия түзүлдү. Курамы

30
(жаңыланган 12:32 01.12.2021)
Комиссиянын чечимине карап парламент кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Асылбек Жээнбеков, Төрөбай Зулпукаров жана Бакыт Жетигеновдун кол тийбестигин ажыратуу сунушун иликтөөчү депутаттык комиссия түзүлдү.

Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган. Анын сунуштамасын кароо үчүн комиссиянын курамына жети депутат кирди. Алар төмөнкүлөр:

  • КСДПдан Евгения Строкова;
  • "Республика Ата-Журт" фракциясынан Авазбек Абдугапаров;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Алмаз Токторов;
  • "Кыргызстан" фракциясынан Канат Исаев;
  • "Өнүгүү" фракциясынан Тазабек Икрамов;
  • "Бир бол" фракциясынан Мамасадык Бакиров;
  • "Ата Мекен" фракциясынан Эмил Токтошев.

Комиссиянын курамына кирген эл өкүлдөрү бир айлык мөөнөттүн ичинде иликтеп, парламентке баяндама жасашы керек. Андан соң кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү же бербөө маселеси добуш берүү менен чечилет.

Буга чейин да 27-ноябрда эл өкүлдөрүнүн кол тийбестигин алуу боюнча ЖКнын кезексиз жыйыны пландалып, кворум жоктугунан өтпөй калган.

Белгилей кетсек, Жээнбеков менен Зулпукаров үстүбүздөгү жылдын июнь айында "Кумтөр" долбоорун ишке киргизүүдөгү коррупциялык иштерге катыштыгы бар деген шек менен кармалган. Алар учурда УКМКнын тергөө абагында

Ал эми Бакыт Жетигенов бийликти басып алууга белсенген деген шек менен шайлоонун алдында кармалган.

30
Белгилер:
Жогорку Кеңеш, депутат, Асылбек Жээнбеков, кол тийбестик, комиссия
Тема боюнча
Беш депутат келди. Парламенттин кезексиз жыйыны кворум жок өтпөй калды
Люди идут на пляж на берегу Финского залива на Васильевском острове в Санкт-Петербурге

Глобалдуу жылуулуктан кийин адамдын келбети да, мээси да өзгөрөт. Иликтөө

0
(жаңыланган 12:45 01.12.2021)
Адистер климаттын өзгөрүшү адамдын сырткы көрүнүшүнө таасир этип, андан сырткары, ден соолугуна да өзүнүн "салымын" кошорун айтты.

БИШКЕК, 1-дек. — Sputnik. Жер планетасындагы глобалдуу жылуулуктан улам адамдын сырткы көрүнүшү кантип өзгөрө тургандыгын илимпоздор изилдеп чыкканын "Газета" кабарлады.

Илимий эмгектин авторлорунун белгилегенине караганда, эволюция теориясы боюнча жаратылыш шарттары алмашканда түрлөр, жандыктар да өзгөрөт. Бир катар окумуштуулардын айтымында, мындай нерседен адамдар да куру калбайт.

"Климаттын жылып башташы жаныбарлардын кебетесин өзгөртөт" деп аталган эмгектин автору, биолог Сара Райдинг климаттын өзгөрүшү жана глобалдык жылуулук жан-жаныбарлардын көнүшүп кетишинин темпин тездеткен деп эсептейт.

Ыңгайлашкан башка жан-жаныбарлар — европалык чычкандар менен келемиштин бир түрүнүн буттары узарып, денесинин башка түрлөрү да мурдагыдан чоңойгон.

Ал эми адамдарга келе турган болсок, өзгөрүлгөн жылуулуктун айынан меланинди көбүрөөк бөлүп чыгары айтылды. Бул пигменттин териге, чачка жана көзгө өзүнүн таасирин тийгизет. Ал көбүрөөк болсо, теринин өңү кара тору тартып, көз менен чач да карарат.

Климаттын алмашуусу менен адам баласы өзү да, мээсинин көлөмү да өзгөрөрү айтылууда. Изилдөөлөр адамдын орточо көлөмү менен мээси ар дайым өзгөрүп турарын, тагыраагы, суук чоңойтуп, ал эми ысык, тескерисинче, кичирейтерин көрсөткөн.

Илимпоздор глобалдуу жылуулуктун башталып келе жаткандыгынын айынан адамдын мээси менен денеси кайрадан кичирейиши мүмкүн дейт. Кембридждегилер адамдын эс тутуму, сүйлөөсү, бир нерсени тез үйрөнүп кетиши жана мээдеги кан айлануунун жайлай турганын айтышты.

0