Депутат: быйыл үч айда 31 өспүрүм өз жанын кыйган

© flickr.com / Jared KeenerСуицидге каршы акциялар. Архив
Суицидге каршы акциялар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү маселе тез арада чечилбесе жаш балдардын өз жанын кыюусу күчөп кетиши мүмкүн деген пикирде.

БИШКЕК, 19 мая — Sputnik. Өткөн жылы 31 бала суицидге барса, быйыл үч ай ичинде эле ошончо өспүрүм өз жанын кыйган. Бул тууралуу эл өкүлү Чолпон Султанбекова парламентте сүйлөп жатып билдирди.

Анын айтымында, маалыматтар Билим берүү жана илим министрлигинен алынган. 

"2015-жылы 31 бала өз жанын кыйса, быйыл үч айда эле өз өмүрүнө 31 бала кол салган. Бул өтө чоң көйгөй. Өкмөттүк саат кылалы. Ушул жерде отуруп угуп коелучу. Биз психологдор иштесин дегенибиз менен маселе чечилбей жатат. Туура көрсөңүз өкмөттүк саат өткөрөлү", — деди Султанбекова. 

Депутат маселе тез арада чечилбесе, жаш балдардын өз жанын кыюусу күчөп кетиши мүмкүн деген пикирде. 

Жаңылыктар түрмөгү
0