Кыргызча чен-өлчөм: чай кайнам, бир кесим эттей, бир ууч, тай чабым

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүУучтап үрөн крамап турган адам. Архив
Уучтап үрөн крамап турган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Көчмөн жашоо образын карманган кыргыз элинин чен өлчөмдөрү тууралуу кеңири маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин "Тибиртке" рубрикасынын окуңуздар.

Өмүрү ат үстүнөн түшпөй, жайыттан жайыт которуп малчылык менен чарбасын өткөргөн кыргыздар чен-өлчөмдү аныктап, жазып жүрбөгөнү менен буларды ар кыл ыкмалар менен ченеп келишкен. 

Узундукту — чыпалактай, бармактай, узундугу бир эли, жарым эли, чыканак, кары, карыш, кере карыш, мерген кары;

Калыңдыкты — кылдай, бычак мизиндей, ийненин сабындай, бычактын сыртындай, бир эли, эки эли, үч эли, төрт эли, таман;

Жоондукту — жоондугу бир тутамдай, билектей, сандай, кишинин белиндей, өгүздүн белиндей, кулач, кере кулач;

Салмакты — бир кесим эттей, кол кесердей, бир сан эттей, бир койдун же козунун этиндей, төөнүн этиндей;

Жылкылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күрүлдөйт, каркылдайт, бытбылдыктайт — жаныбарлар кандай үн чыгарат?
Аралыкты — эшик-төрдөй, бир кадам, эки аттам, бир бута атым (100 метрдей аралык), эки бута атым, чакырым, тай чабым (болжолу 3 чакырым), кунан чабым (5–7 чакырым), ат чабым (25–30 чакырым);

Убакытты — көз ирмем, чай кайнам, эт бышым деп айтышкан.

Аянтты — алакандай, үйдүн ордундай, короодой, танап (0,005 га), теше (16 га);

Бийиктикти — тушардай, тизе бою, киши бою, кереге бою, үй бою, укурук бою, аркан бою, төө бою;

Тереңдикти — төө бою, укурук бою, тизедей, киши бою;

Майда заттарды — кыпындай, таруудай, бир чымчым, бир ууч, бир кочуш, бир чөйчөк, бир аяк, муунга ченеп өлчөө, кап, тай кап, этек, баштык, тулуп; 

Суюктуктарды — чака, челек, табак, көнөк, көөкөр, саба, бир кулак суу деп өлчөшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0