Бийликке тиш кайраган БОК, КГБ, ар кыл "фронттор". Оппозиция өздөрүн кантип атаган

Жазылуу
Кыргызстан эгемендик алгандан тарта саясий айдыңда ар кыл аталыштагы оппозициялык партиялар, уюмдар, кыймылдар пайда болду. Алардын бир катарын атап жатып аргасыздан жымайып же уяттуу адамдар алдында кадимкидей эле ыңгайсыз абалда калууга болот. Sputnik Кыргызстан саясий бирикмелердин кызыктуу аталыштарын эстеп көрдү.

БИШКЕК, 19-май — Sputnik. Кыргызстанда "Элдик парламенттин" лидерлери камакка алынды. Аларга учурда бийликти күч менен тартып алууга даярдык көргөн деген айып тагылды.

"Элдик парламент" деген аталышына карабай, анын бир катар мүчөлөрү камакка алынып жана президенттин буркан-шаркан түшкөн сынына кабылгандан кийин гана элге кадимкидей таанылды. Ал эми эзелки бийлик учурунда ийгиликсиз реформалары менен аты тарыхта калгандар, кайрадан эске түштү. 

Sputnik Кыргызстан агенттиги бийликке тиш кайрап чыккандар өздөрүнө кандай аталышты тандагандыгына көз чаптырып көрдү. 

Фемида айкели. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажого айбат кылгандар. "Айыпка илинип кала жаздаган" кыргыз президенттери
Кыргыздарда "атын атасаң, куту сүйүнөт" деген сөзгө абдан маани беришет эмеспи. Мурдагы бийлик өкүлдөрүн эстесек, дегеле, саясий биримдик түзгөндөр негизинен "А" тамгасынан баштаганга аракет кылышат. Алсак, Аскар Акаев ажо "Алга, Кыргызстан" деп атаган. Же болбосо кийинки президент Курманбек Бакиев өзүнүн партиясына "Ак жол" деген ысым берген. "Жүрөгүмдү сууруп берем, өпкөмдү чабайын" деп айтып жибере жаздагандай аталыштар далай ирет кыргыз куудулдарынын репертуарына жакшы материал болуп берген. 

"Манастан Чубак кем бекен". Партиялардан кем калбайбыз деген башка оппозициялык бирикме, уюм, кыймылдар да "чыгармачылык дараметин" пайдаланышкан. 

Мекен, Ата Журт. Ата мекенге байланышкан аталыштардын арбындыгын эске салсак. Саясатчылар же ага илешип жүргөндөр, бул сөздөрдү пайдалануу менен шайлоо учурунда агылган элдин добушуна ээ болуудан көп үмүт кылгандай. 

Эгемендүүлүктүн алгачкы нуру чачырай баштаганда "Ата Мекен" партиясы пайда болгон. Анткен менен анын лидери Өмүрбек Текебаев кыргыз саясий айдыңында айныбай саясатчы болуп келе жаткандардын ана башында турарын баары билсе керек. 2011-жылдан тарта Чиркешовичтин партиясы башкаруучу коалициянын катарында келе жатат. 

Кыргызстандын желегин Ак үйдүн крышасына орнотуп жаткан митингдин катышуучусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Барыктабасов, Талгарбеков… "Бийликти басып алууга" дагы ким аракеттенген?
Мындан бир топ жыл мурда түптөлүп, кийин чоң улак тартышка түшкөн "Ата-Журт" деп аталган партия бар. Анын мурдагы, кийинки кожоюндарын кошкондо, учкашып, чиркешип отуруп, азырынча Жогорку Кеңештин эки чакырылышындагы шайлоого өттү. "Ата-Журттун" лидери Камчыбек Ташиев 2012-жылы "Ак Үйдөгү" темирди аша коём деп, айыпка жыгылып, темир тордун ары жагына отуруп чыкты. Ал эми 2015-жылы дагы бир аты башкача, блингивизмдин белгисин көрсөткөн "Өнүгүү-Прогресс" партиясынын талапкерине муш көтөрө коём деп, дагы чалынып алды, тагыраагы, мандатынан кол жууду.

Кыргызстанда канча "Кыргызстан" жайгашкан

Кыргызстан деген аталышты колдонгон партияларды манжа менен санап чыксак, бир топ ирет ачып-жумганга туура келет. 2005-жылы жана 2010-жылы бийликти басып алууга аракет кылган деп айыпталган саясатчы оппозициячыл саясатчы Урмат Барыктабасов, 2004-жылдары Аскар Акаевге оппозиция катарында "Мекеним Кыргызстан" партиясын түзгөн. Бирок, көпкө турган жок…

2015-жылы парламентке дагы бир "Кыргызстан" аттуу партия өтүп, анын негиздөөчүсү жакында эле Жогогрку Кеңештин төралыгына ат салышып, өтпөй калган Канатбек Исаев. 

Жакында эле Оштун шаардык кеңешинин шайлоосуна Барыктабасовго тиешеси жок деген "Мекеним Кыргызстан" деп аталган партия да катышты. Ал эми Балыкчы менен Караколдо "Улуу Кыргызстан" саясий биримдиги ат салышты. 

Баары "фронттор" "үчүн" жасалганбы…

Бул уюмдар арасында "үчүн" жана "фронт" деген деген сөздөр көп кездешет. 2006-жылы "Реформа үчүн" кыймылы ал кездеги президент Курманбек Бакиевди анын ыйгарым укуктарын чектеген жаңы Конституцияга кол коюуга мажбур кылган. Бирок, оппозициячыларды ойнотуп, Феликс Кулов башында турган өкмөттү отставкага жиберип, жаңы Баш мыйзамды жазып, укуктарын кеңейтүүгө жетишкен. Мындан улам, Бакиевге каршы Кулов баш болгон оппозициячылар "Келечеги кең Кыргызстан үчүн" аттуу Бириккен Фронт менен каршы митингге чыккан. Ал ОМОН менен кууп таратылып, жаңы гана дайындалган премьер-министр Алмазбек Атамбаев аларды башаламандык менен тартипсиздикке күнөөлөгөн. Кийинчерээк, дагы бир уюм — "Элдик фронт" пайда болуп, өзүнөн мурдараак түзүлгөн алдыңкысынан анча айырмаланган жок. 

Үч тамгалар: БЭК жана БОК… анан КГБ 

2008-жылы ошол кездеги оппозиячы Азимбек Бекназаров "Бириккен Элдик кыймылды" жетектеди. 2010-жылдын жайында ал партияга өтүп, ошол жылдагы парламентттик шайлоодо Жогорку Кеңешке өтө алган жок.

Наушниктер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Эксперттер "Элдик парламентчилер" тууралуу: жел кайдан согуп жатканын аныктоо зарыл
Мындан сырткары дагы кызыктуу аталыштар бар. Оппозициячы Равшан Жээнбеков "Бириккен оппозициялык кыймылга" лидер болуп, ал кыскартылганда… БОК болуп калган. Ошол эле жылдын февралында "Бириккен оппозициялык күч" кыймылы түзүлүп, ага ЖКнын экс-төрагасы Адахан Мадумаров жана мурдагы депутат Камчыбек Ташиев жетекчилик кылган. 

Саясатчылар менен кошо журналисттер мындан бир нече жыл мурда кыскартылган сөздөр өзгөчө маанини берген уюм түптөгөн. Ал КГБ деп аталып, четтен караган, өзгөчө советтик мезгилдин адамдарына бир топ кызыгуу жараткан. Чечмелей келгенде, кыргыз гезиттер биримдиги деген түшүнүктү билдирген. Учурда бул биримдик да тыныгууга чыккандай…

Жаңылыктар түрмөгү
0