Быйыл ажыга баруу үчүн 4733 жаран катталды

© AFP / MOHAMMED AL-SHAIKHАжылыктагы мусулмандар. Архив
Ажылыктагы мусулмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул көрсөткүч былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз экени айтылууда.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Быйыл ажылык сапарга баруу үчүн 4733 жаран катталганын муфтияттан билдиришти.

Меккедеги зыяратчылар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ажыга баруу үчүн эмнелерди билүү керек
Белгилей кетсек, зыяратчыларды каттоо 20-майда аяктаган. Быйыл кыргызстандык зыяратчылар үчүн 3685 орун бөлүнгөн. 

Муфтияттын маалыматына ылайык, быйыл ажылыкка катталгандар былтыркыга салыштырмалуу дээрлик эки эсеге аз

Эскертсек, ажылыктын баасы 2600 долларды түзгөн

Сауд Аравияга алгачкы каттам 16-августта болсо, акыркы учак 4-сентябрда учат. Ал эми 17-сентябрдан баштап ажыларыбыз мекенине кайтат. Жалпысынан 18 каттам болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0