Кырсык айттырбай келет — Кыргызстандын базарларында чыккан ири өрт кырсыктары

© Sputnik / Кейтлин Оукс / Медиабанкка өтүүӨрт өчүрүү кызматкери. Архив
Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өрт өлкө аймагында такай эле катталып турат. Тилсиз жоо базаларды каптаган учурлар да аз эмес.

БИШКЕК, 23-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районунда эң ири базар "Жаркынай" күйүп кетти.

ӨКМдин маалыматына ылайык, өрт 22-майда түнкү саат 23.45тер чамасында чыккан. Базардын аймагы курчоого алынып, тилсиз жоо саат 03.20ларда гана толугу менен өчүрүлгөн. Өрт эки миң чарчы метрди жалмап кетти. Аны өчүрүүгө 700 киши тартылып, учурда өрт эмнеден чыкканын тактоо аракеттери көрүлүүдө.

Исфанадагы өрттөнгөн базардын асмандан көрүнүшү. 70ке жакын дүкөн, ашканалар жок болду
Белгилей кетсек, 20-майда Баткен облусунун Исфана шаарында да чоң базар күйүп кеткен. Тилсиз жоо 5 миң чарчы метр жерге жайылып, өрт жети саат бою өчүрүлгөн. Анын кесепетинен 53 дүкөн, эки жабык соода түйүнү жана 15 ашкана күйгөн. Өрт өчүрүүчүлөр 64 дүкөндү, 10 киоскту жана эки соода түйүнүн, алты ашкана жана уюлдук оператордун бир кеңсесин сактап калышкан. Товарларды кошпогондо келтирилген чыгым 3,9 миллион сом деп бааланган. 

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги өлкөдөгү чоң базарларда катталган өрт кырсыктарына көз салып көрдү.

Орто-Сай базары

Ал Бишкек шаарынын түштүк тарабында орун алган. Бул базарда дагы бир нече жолу өрт чыккан.

2007-жылы 29-августта чыккан өрттөн төрт соода түйүнү өрттөнүп, бир кафе урап калган. 

2009-жылы 11-ноябрда дагы өрт чыккан. Андан 26 контейнер жабыр тартып, 13 миллион сомдук зыян келген.

2012-жылы 3-августта аталган базардын аймагындагы "Евро мебель" дүкөнүндө өрт чыгып, тиричилик техникасы менен буюм-тайымдар күйгөн. Жанындагы дүкөн менен эт павильонунун 1200 чарчы метрлик чатыры да өрттөнүп кеткен.

Аламүдүн базары

2015-жылы 30-январда ири өрт катталган. Жалын 260 чарчы метр жерге жайылып, "Ош-3000" кафесинин чатыры өрттөнүп, жанындагы чач тарач да жабыр тарткан.

Ош базары

Базар-Коргондо чоң базар өрттөнүп кетти
2012-жылы 26-сентябрда чыккан тилсиз жоону жети өрт өчүрүүчү машина өчүргөн. Ош базарынын башкы офисинин чатыры, Киев жана Бейшеналиева көчөлөрүнүн кесилишиндеги эт дүкөнү да жабыркаган. Тилсиз жоо 200 чарчы метрди жалмап кеткен.

2013-жылы 1-июнда чыккан өрттөн 25 контейнер жана жыгачтан курулган 16 курулуш өрттөнгөн.

"Дордой" базары

2002-жылы 27-декабрда "Дордой" базарынын ичиндеги "Оберон" соода комплексинин ичинде катуу жарылуу болгон. Анын кесепетинен тогуз киши мерт кеткен (6 эркек, 3 аял). Алардын бешөө окуя болгон жерден каза болсо, дагы төртөө ооруканадан дүйнө салышкан. 50дөй киши түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алган. Жарылууну Өзбекстандагы Ислам согушкерлери кыймылы жасаганы айтылган.

2004-жылы 16-апрелде дагы Кыргызстандын эң чоң базарында өрт катталган. Тилсиз жоо 500 чарчы метр аянтка жайылган. Базар атайылап эле өрттөлүшү мүмкүн деген божомол айтылган.

2011-жылы 4-августта пиротехника сакталган кампада өрт чыккан. Мында кырсыкка электр зымдарындагы чыңалуу жана атайылап өрттөө себеп болгон деген версиялар каралган.

Турбаза

Өрт өчүрүү кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алматынын чок ортосунда өрт чыгып, бир адам түтүнгө ууланып калды
1990-жылдары турбазанын аймагында ушундай эле аталыштагы базар болгон. Ал жерде Синьцзян-Уйгур автономиялуу районунан келген 500дөй соодагер соода кылчу.

2001-2002-жылдары базарда үч жолу өрт чыккан. 2002-жылы февралда чыккан өрттөн базар дээрлик толугу менен күйүп кеткен. Келтирилген чыгым алдын ала эсептөөлөр боюнча 100 миллион доллар деп бааланган. Базарда катталган өрттү атайылап эле жасашкан деген версиялар да айтылган.

Бул өрттөн кийин турбазадагы соодагерлер "Мадина" базарына көчүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0