БИШКЕК, 26-май — Sputnik. Интерполдун сайтында Кыргызстандан эле 160 киши изделип келет. Алардын баары өтө оор кылмыш жасагандар.
Sputnik Кыргызстандын агенттиги аталган тизмедеги айымдарды таап чыкты. Эгер сиз алар жөнүндө анча-мынча маалымат билсеңиз, түз эле милицияга кайрылсаңыз болот.
Интерпол тарабынан Кыргызстандын 61 жаштагы жараны Муяссархан Жалалова изделип келет.
Өзгөчө белгилери: бою 165 сантиметр, салмагы болжол менен 75 килограмм, чачы менен көзү күрөң түстө. Жалалова кыргыз жана өзбек тилдерин суудай билет.
Эл аралык издөөгө кыргызстандык Юлия Демина да алынган. Аял шылуунчулук жана алдамчылык боюнча айыпталып келет.
Өзгөчө белгилери: 42 жашта, салмагы 62 килограмм, бою 167 сантиметр.
Баңгизат менен шугулданганы үчүн Интерпол Ысык-Көлдүн тургуну Айнура Сыдыкованы да кылтагына илген.
Өзгөчө белгилери: 52 жашта, чачы-көзү кара, салмагы 67 килограмм, бою 167 сантиметр. Орус, кыргыз тилдерин жакшы билет.
Кыргызстандан мыйзамсыз чыгып, документтерди жасалмалаганы үчүн 28 жаштагы Айна Кошумова да издөөгө алынган.
Өзгөчө белгилери: көзү күрөң, бою 165 сантиметр, салмагы 60 килограмм.
Чүй облусунун тургуну Карина Рустамова жасалма документтерди пайдаланганы үчүн изделип келет.
Өзгөчө белгилери: 27 жашта, чачы кара, көзү күрөң, бою 170 сантиметр, салмагы 70 килограмм.
Интерпол адамдарды уурдоого шектелген кыргызстандык Үмүт Жангазиеваны да издөөгө алган.
Өзгөчө белгилери: 22 жашта, кыргыз, түрк, орус, англис тилдерин мыкты билет. Орто бойлуу.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Бишкектен анча алыс эмес жерде Интернациональный айылынан экскаватор айдоочусу Павел Камаев балбал таш таап алган. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине өзү билдирди.
Балбал — бул адамдын сөлөкөтү чегерилген таш эстелик. Камаев аны кантип таап калганын айтып берди.
"Ал күнү мен жумушта болчумун, жер казып атып бир маалда катуу бир нерсеге тийгендей болдум. Карап, көргөн көзүмө ишенген жокмун. Топурак алдында анча чоң эмес таш эстелиги жатыптыр. Бийиктиги болжол менен бир метрди түзөт. Анын бир колунда чөйчөк тартылган. Табылга жакшы жышаан экенин, мындай жерлерде белгилүү аскер адамы да көмүлгөнүн окугам", — деди ал.
Ал табылгасын адистерге берүү үчүн Маданият, маалымат жана спорт министрлигине барган.
"Балбал ташты өзүмө алып калайын деп эч ойлонгон жокмун. Министрликтегилер айтканымды угуп, анын мынча тереңдикте жатканына таң калышты. Себеби мен аны үч метр тереңдиктен таап чыккам да. Ал жакта бул таш кандайча жатып калганы табышмак", — деди Камаев.
Маданият министрлиги балбал таш тууралуу маалыматты тастыктап, аны Тарых музейинин алдына орнотушканын кошумчалады.
БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. КМШ өлкөлөрүнүн парламенттеринин төрагалары пандемия жарыялангандан бери биринчи жолу жолугушат. Жыйын 15-апрелде Санкт-Петербургда өтөт.
КМШнын Парламенттер аралык ассамблеясынын (ПАА) жазгы сессиясы Таврия сарайында болмокчу. Пленардык жыйынды ПАА кеңешинин башчысы, Россиянын Федералдык жыйынынын Федерация кеңешинин төрайымы Валентина Матвиенко өткөрөт.
Катышуучулардын болжолдуу тизмеси:
Ал эми видео байланыш менен жыйынга Беларусь менен Тажикстандын парламенттеринин спикерлери кошулат.
Парламент төрагаларынын катышуусундагы конференция "COVID-19 пандемия шартында глобалдык чакырыктар жана коркунучтар. Терроризм жана зомбулук экстремизми" аталышында өтөт.
16-апрель күнү ПААнын штабында Ассамблеянын 52-пленардык жыйыны өтөт. Анда өзөктүү тема катары пандемия маалында миграциялык процесстерди мыйзам түрүндө көзөмөлдөө талкууланары айтылды. Ошондой эле парламент жетекчилери Ассамблея тарабынан даярдалган КМШга мүчө мамлекеттер үчүн миграциялык кодексти карашат.
Жыйындын жүрүшү Ассамблеянын сайтында www.iacis.ru жана "Вместе-РФ" vmeste-rf.tv. каналынан түз алып көрсөтүлө турганы маалым болду.
Эки мүнөттөн ашык тартылган роликте сүрөтчүнүн жаш кезин көрүүгө болот. Анда Чокморов жана башка студенттер талаада педагогдун жетекчилигинин алдында жылкыны сүрөткө тартып жатышат. Видеонун алдында окуя 1963-жылы Ленинград облусунда болгону жазылган. Чокморов эмгегинде бир гана жылкыны эмес, анын артына тоолорду да тартат. Окутуучу жок тоону эмнеге тартканын сураганда, ал мекенин сагынганын айткан. Бир маалда жылкы үркүп, баланын колунан жулунуп, секире баштайт. Аны көрүп Чокморовдон башкасынын баары чочулайт. Бирок Сүймөнкул Чокморов аттын жанына барып, жылкыны сылап аны чуркатыш керектигин айтат. Бала ага макул болбой койгондо Чокморов "кыргыздар ээр үстүндө чоңойгон калкпыз. Ал эми ат биздин канатыбыз" деп чапкан боюнча жөнөгөн.
Кадр алмашып, Чокморов "Ысык-Көлдүн кызгалдактары" тасмасындагы Карабалтанын образында болуп калат.
Улуттук банк роликтерди Кыргызстандын эгемендүүлүгүнүн 30 жылдыгына карата тартып жатат. Анда улуттук валютага сүрөтү түшүрүлгөн философ Жусуп Баласагын, манасчы Саякбай Каралаев, сүрөтчү, актёр Сүймөнкул Чокморов, акын Алыкул Осмонов тууралуу видеолор көрсөтүлмөкчү.
Роликтерди режиссёр Руслан Акун белгилүү кино ишмерлери Актан Арым Кубат, Эрнест Абдыжапаров, Марат Сарулу жана Баян Сарыгуловдун колдоосу менен тарткан.