Кыргызстан жаштарынын гимни үчүн сынак жарыяланды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOКыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив
Кыргызстандын желегин көтөргөн жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Гимндин сөздөрү жаштарды жаңы бийиктиктерге умтултуп, ынтымакка чакырышы керек.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik. Кыргызстан жаштарынын гимни үчүн сынак жарыяланганын "Жаштарды өнүктүрүү институту" коомдук фондусу билдирди.

Маалыматка ылайык, сынак үстүбүздөгү жылдын 19-июнуна чейин жүрөт. 

"Классикадан баштап рок стилиндеги эмгектердин баары кабыл алынат. Сынактын эшиги Кыргызстандын каалаган жараны үчүн ачык", — деп айтылат маалыматта. 

Уюштуруучулар гимндин сөздөрү жаштарды жаңы бийиктиктерге умтултуп, ынтымакка чакырышы керектигин белгилеп, кемсинтүүчү сөздөр камтылбашы шарт экенин кошумчалайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0