Ишенген кожом сен болсоң… атка минерлер пара менен кармалганда

© Sputnik / Михаил Кутузов / Медиабанкка өтүүЧөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив
Чөнтөккө акча салып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда коррупцияга каршы катуу күрөш жарыяланганы менен бүгүнкү күнгө чейин жылытарлык натыйжа чыкпай келет. Өзгөчө жогорку кызматтагы адамдардын пара алып кармалышы кыргыз коомчулугу үчүн жаңылык деле болбой калган. Sputnik Кыргызстан агенттиги пара менен ысыгынан кармалган жети учурду сунуштайт.

БИШКЕК, 31-май — Sputnik. Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурт Коркмазов убактылуу кармоочу жайдан бошотулду. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине анын адвокаты Кайрат Загибаев билдирди. Экс-депутат Нариман Түлеевдин кызы Назгүл Түлеевадан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган.

Sputnik Кыргызстан агенттиги пара менен кармалган атка минерлерди тизмектеп көрдү.

Жогорку Кеңештин мурунку депутаты Хажимурат Коркмазов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Хажимурат Коркмазов тууралуу 5 факты
1. Өткөн жылдын 24-мартында Башкы прокуратуранын тергөө башкармалыгынын башчысы Кылычбек Арпачиев УКМК тарабынан 100 миң доллар пара алып жаткан жеринен кармалган. УКМКнын берген маалыматына ылайык, Арпачиев бир ишкердин кылмыш ишин жабуу үчүн 200 миң доллар талап кылган. Кийинчерээк ал ишкер — экс-депутат Карганбек Самаковдун уулу Кубанычбек Самаков экени белгилүү болгон.

2. КРдин мурунку социалдык өнүгүү министри Равшан Сабировдун жардамчысы Тахир Мирзахмедов 2012-жылдын 4-июлунда бала багып алуу менен алектенген италиялык компаниянын өкүлүнөн 10 миң долларын алуу учурунда кармалган. Өзүнүн алгачкы көрсөтмөлөрүндө Мирзахмедов мурунку министр Сабировдун көрсөтмөсү боюнча иштеп, чет элдик үй-бүлөлөрдүн Кыргызстандан бала багып алуусуна аттестат алып берүү үчүн пара алганын айткан.

3. Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин алдындагы Туризм департаментинин мурунку директору Максат Чакиев ишиндеги мыйзам бузууларды жашыруу үчүн ИИМдин 5-бөлүмүнүн кызматкерлерине 92 миң сом пара берип жатып кылтакка илинген.

4. Үстүбүздөгү жылдын 22-мартында Мамлекеттик каттоо кызматынын статс-катчысы Нурлан Шерипов 100 миң сом пара алып жаткан жеринен колго түшкөн. Шерипов Каттоо кызматынын дагы бир кызматкери менен сүйлөшүп алып, карызга таяп арыз ээсинин ар бири жети миң долларга бааланган эки унаасын алып койгон деп айтылат. Мындан тышкары, 550 миң сом өлчөмүндө акча талап кылган.

5. Иса Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын мурунку аппарат жетекчиси Абдыкарим Гапаров 30 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалган. Тинтүү учурунда ал өзүн начар сезип, эс-учун жоготуп кулаган. Ага медициналык тез жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан көп өтпөй көз жумган.

Президенттик аппараттын мурдагы жетекчиси Данияр Нарымбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Нарымбаев: бизде соттук бийлик жок экен, муну жон терим менен сездим
6. Билим берүү жана илим министринин мурунку орун басары, Кусеин Карасаев атындагы Бишкек гуманитардык университетинин проректору Ардакбүбү Ормонбекова 300 доллар пара алып жаткан жеринен 2015-жылдын 1-июлунда Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы тарабынан кармалган. Ал дипломдук ишти коргоо боюнча маселени оң жагына чечип берем деп акча талап кылганын коррупцияга каршы күрөшүү кызматы билдирген.

7. Өткөн жылдын 25-августунда Аламүдүн районунун прокурору Кубанычбек Мамакеев, орун басары жана жардамчысы эки миң доллар пара алып жатканда колго түшүрүлгөн. Аламүдүн районунун Көк-Жар айылында курулган имараттарды түрттүрүү опузасы менен аталган райондун прокуратура кызматкерлери 20 миң доллар өлчөмүндө пара талап кылып жатканы айтылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0