Эротикалык сценалары бар тасмага Кыргызстанда тыюу салынышы мүмкүн

© Фото / Александр Федоров"Вселенная Манаса" тасмасынан кадр. Архив
Вселенная Манаса тасмасынан кадр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүп жаткан бардык тасмалар эксперттик комиссиянын кароосунан өтүп, андан кийин гана коомчулукка сунушталат.

БИШКЕК, 1-июн. — Sputnik. КРдин Маданият, маалымат жана туризм министрлиги өлкө аймагында көрсөтүлүп жаткан тасмалардагы порнографияны аныктоо үчүн атайын эксперттик комиссия түзүүнү көздөп жатат. Тийиштүү мыйзам долбоору учурда коомдук талкууга коюлду.

Эгер бул мыйзам долбоору кабыл алынып калса, Кыргызстандын аймагында көрсөтүлүп жаткан бардык тасмалар эксперттик комиссиянын кароосунан өтүп, андан кийин гана коомчулукка сунушталарын Кинематография департаментинен Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Сүтак тасмасынын режиссеру Мирлан Абдыкалыков. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Сүтак" Севастополдо өткөн "Алтын баатыр" фестивалынын баш байгесине татыды
Сунушталган мыйзам долбоорунун маалымкат негиздемесинде акыркы мезгилде жашы жете элек өспүрүмдөрдүн порнографиялык жана башка терс багыттагы маалыматтарды көрүү жана аларга жеткиликтүүлүк маселеси орчундуу болуп жатканы айтылат. Андыктан буга окшогон көрүнүштөрдүн пайда болуу фактору коомдогу кылмыштуулуктун өсүшүнө жана агрессивдүү жүрүм-турумдун пайда болушуна алып келет. Албетте мындай көрүнүштөр адамдын психикасына жана руханий, физикалык жактан өнүгүшүнө терс таасир берет деп жазылат.

Бул токтом долбоору өлкө аймагында аудиовизуалдык чыгармалардын тыюу салынган түрлөрүн жана башка мыйзамсыз сатыктагы чыгармаларды аныктоого, алардын терс таасиринен коргоого, алдын алууга жана өз убагында токтотууга мүмкүндүк берери баса белгиленген.

Мыйзамдуу чечим канчалык өзүн актайт

Режиссер Темир Бирназаров сунушталган мыйзам долбоорун колдой турганын, мындай кадам аз да болсо өсүп келе жаткан муунду терс нерселерден коргоого жардам берерин айтат.

"Учурда коомубуз моралдык жактан аябай булганып, жапа чегип жатат. Андыктан терс көрүнүштөрдүн алдын алууга аз да болсо жардам берет. Ошентсе да бул аракетти комплекстүү түрдө ишке ашыруу керек. Тасмаларга тыюу салган менен Интернет деген балекет бар", — дейт ал.

Нике кыйуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өспүрүмдөр менен никелешүү: балалыктан ажыраган кыздар же гаремге карай жол
Бирназаров соңку кездери тартылып жаткан кыргыз тасмаларында элдин менталитетине туура келбеген белден ылдый, ачык сценалар жок экенин айтып, мындай ыкма менен көрүүчүлөрдү тартабыз дегендер чоң жаңылышарын белгиледи.

Ал эми режиссер Эрнест Абдыжапаров бул мыйзам кабыл алынса, кыргыз кино тармагына пайдасынан башка зыяны тийбей турганын билдирди. Себеби, порнографиялык сценалары бар тасмаларды коомчулук өзү эле кабыл албайт.

"Тасмаларда порнографиянын колдонулушуна биздин менталитет жол бербейт. Ошол эле эротикалык сценалары бар тасмаларды коомчулук кабыл албай койгон. Социалдык тармактарда аябай катуу сынга алышкан. Кыргыз режиссерлору да мындай нерсеге барбайт деп ойлойм", — дейт ал.

Абдыжапаров сунушталган мыйзам долбоору Кыргызстанда тартылган тасмаларды эмес, чет элдик тасмаларды ооздуктоо үчүн жасалашы мүмкүн деген ойдо.

"50 оттенков серого" деген кинолорду көрсөтпөй коюуга мыйзамдуу түрдө тыюу сала албайт экенбиз. Ошондуктан бул мыйзам кыргыздын киночуларына эмес, көбүнчө чет жактан келип көрсөтүлүп жаткан кинолорду ооздуктоо үчүн көрүлгөн кадам окшойт деп ойлойм", — дейт ал.

Клавиатура. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖК терроризмди жайылткан сайттарды соттун чечимисиз эле жабууга уруксат берди
Режиссер ошондой эле учурда дүйнөдө маалыматтык согуш болуп жаткандыктан бул элдин эстетикалык табитин коргоо үчүн жасап жаткан мамлекеттин аракети болушу да мүмкүндүгүн кошумчалады.

Белгилей кетсек, "Аталар керээзи", "Ээнсиреген үй" сыяктуу башка тасмалар дагы ачык сценалары үчүн коомдун кескин сынына кабылган. Ошондой эле "50 оттенков серого" аттуу чет элдик тасманын да кыргыз элинин менталитетине туура келбегени айтылып, аны прокаттан алуу керектиги ири талашка жем таштаган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0