Көп кабаттуу үй. Архив

Депутаттар аскер кызматкерлерине үйлөрдү биротоло берүүгө макул болгон жок

47
(жаңыланган 16:25 02.06.2016)
Мыйзам долбоордо кеминде 20 жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары менен кызмат учурунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө кызматтык турак жайды акысыз жеке менчикке берүү сунушу айтылган.

БИШКЕК, 2-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары аскер кызматкерлерине кызматтык турак жайды акысыз жеке менчикке берүү боюнча мыйзам долбоорун четке какты.

Аталган мыйзам долбоор буга чейин Экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетте каралып жактырылган эмес. Жогорку Кеңештин бүгүн өтүп жаткан пленардык жыйынында комитеттин чечими добушка коюлуп, 109 депутаттын колдоосуна ээ болду. 

Четке кагылган мыйзам долбоордо Куралдуу күчтөрүндө кеминде 20 жыл кызмат өтөгөн аскер кызматчылары менен кызмат учурунда каза болгон жоокерлердин үй-бүлөлөрүнө кызматтык турак жайды акысыз жеке менчикке берүү сунушу айтылган.

47
Белгилер:
куралдуу күчтөр, Аскер, менчиктештирүү, үй
Тема боюнча
Жапаров аскер кызматкерлеринин үйлөрдү менчиктештирүүсүнө каршы чыкты
Эротикалык сценалары бар тасмага Кыргызстанда тыюу салынышы мүмкүн
Поезд. Архив

Бишкекте жүк ташыган поездге урунуп 21 жаштагы жигит каза тапты

6
(жаңыланган 18:55 18.09.2021)
Жигит поезддин берген сигналына маани бербегени айтылды. Машинист поездди токтоткону менен жаран ага урунуп көз жумган.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте жүк ташуучу поездге урунуп жаш жигит каза болгонун "Кыргыз темир жолу" ишканасы билдирди.

Маалыматта кырсык саат 10.12лер чамасында Жаш гвардия бульвары менен Лев Толстой көчөлөрүнүн кесилишинде болгону айтылды.

"Алдын ала маалымат боюнча, темир жол менен бараткан Р. уулу Э. сигналга маани бербей койгон. Машинист поездди ыкчам токтоткон, бирок жаран поездге урунуп каза болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Маркумдун 21 жашта экени белгилүү болду.

6
Белгилер:
поезд, темир жол, машинист, Бишкек
Тема боюнча
Бишкек: жарыш учурунда Nissan GT-R унаасы тосмого кадалып, талкаланды. Видео
Нарын шаарынын мэри Самарбек Болотбеков. Архив

Нарындын мэри шайлоодогу коррупциялык иштерге шектелип кармалды

31
УКМК маалымдаган Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда Свердлов районунун акими болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. 2020-жылкы парламенттик шайлоонун жүрүшүндөгү алдамчылык фактысы менен Нарын шаарынын мэри кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Буга чейин аталган шайлоодо Жогорку Кеңештин депутаты мандатын убадалап 300 миң доллар алган деген шек менен "Кыргызстан" партиясынын мүчөсү, экс-депутат Ч.Р. кармалган. Укук коргоо органдары жабырлануучу ири өлчөмдө чыгым тартканын айткан.

"Ыкчам иликтөө иштеринин жыйынтыгында далилдүү материалдар чогултулуп, Бишкек шаарынын Свердлов районунун мурдагы акими, азыр Нарын шаарынын мэри Б. С. жогорудагы ишке аралашкан деген шек менен кармалды", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул иш боюнча Жазык кодексинин 204-беренесинин 3-бөлүгүнө ("Алдамчылык, өзгөчө ири өлчөмдө жасалган жосун") ылайык өндүрүш ачылган.

Б.С. инициалдарына Самарбек Болотбековдун аты-жөнү туура келүүдө. Ал мурда аталган райондо аким болуп, кийин Нарын шаарына жетекчи катары жиберилген.

31
Белгилер:
Нарын шаары, мэр, коррупция, шайлоо, УКМК
Тема боюнча
УКМК: чек ара кызматкери досунун өлүмүнө шектелип кармалды