Бишкектиктерге ысык суу 10-июндан тарта бериле баштайт

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүЖуунуу. Архив
Жуунуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эскерте кетсек, ысык суу 10-майда өчүрүлгөн.

БИШКЕК, 6-июн. — Sputnik. Бишкекти ысык суу белгиленген графикке ылайык 10-июндан тарта бериле баштай турганын мэрия билдирди.

Жарылган ысык суу куурунан чыккан суу беш метрге жетип, 20 мүнөттөй ат - Sputnik Кыргызстан
Жарылган ысык суу куурунан чыккан суу беш метрге жетип, 20 мүнөттөй атырылды
Маалыматка ылайык, 4-5-июнь күндөрү оңдоп-түзөө иштеринен кийин суу түтүктөрү менен жабдуулар сыноодон өтөт. Натыйжада 28 кемчилик аныкталып, анын 21и магистралдык жылуулук түйүндөрүндө болсо, жетөө бөлүштүрүүчү түйүндө катталган.

Учурда кемчиликтерди аныктоо иштери улантылып жатат. Мэрия оңдоп-түзөө иштери толук аяктагандан кийин графикке ылайык Бишкекте ысык суу 10-июндан тарта бериле баштарын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0