Июндун башынан бери Кыргызстанда 6 киши сууга чөгүп кеткен

Жазылуу
Мындан улам Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүү эрежелерин эскертти.

БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. 2016-жылдын беш айында 15 киши сууга чөгүп каза болду. Анын тогузу эркек киши, бирөө аял жана бешөө бала экенин ӨКМ билдирди.

Маалыматка ылайык, сууга чөгүп кеткендердин алтоосу сууга түшүү сезону башталган убакта, 1-июндан 8-июнга чейинки аралыкта чөгүп кеткен.

Андыктан Өзгөчө кырдаалдар министрлиги эс алуучуларга сууга түшүү эрежелерин сактоону эскертет. Ага ылайык:

  • уруксат берилген жана тегерек чети иретке келтирилген көлмөлөргө гана түшүңүз;
  • шар аккан сууга жана түбү балыр баскан сууга түшпөө керек;
  • эртең менен же кечинде сууга түшүү сунушталат. Суунун жылуулугу 18-19 градустан кем болбошу кажет жана аба ырайы 22 градустан жогору болгон учурда гана сууга түшүү сунушталат;
  • сууга 15-20 мүнөттөн ашык түшүү болбойт. Ошол эле учурда бул убакытты 3-5 мүнөттөн узартса болот. Жарым сааттан ашып кеткен учурда киши тоңуп, дем алуусу токтоп, эсин жоготушу мүмкүн;
  • күнгө кактанып көпкө жаткандан кийин сууга дароо кирүүгө же секирүүгө болбойт;
  • мас болуп алып сууга түшүүгө тыюу салынат;
  • жээктен алыс өз алдынча сүзүп кетүүгө болбойт.

Маалыматка ылайык, былтыр өлкө боюнча 120 киши чөккөн. Алардын 84тү эркек, тогузу аял жана 27си бала болгон. ӨКМдин куткаруучулары 31 кишинин өмүрүн сактап калган.

Жаңылыктар түрмөгү
0