Комитет чет элдиктердин ЖМКларды ачуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун колдоду

Жазылуу
ЖМКлардын уставдык капиталында чет элдиктердин катышы 20 пайыздан ашпашы керек. Эгер андан жогору болсо, кайрадан катталышы шарт деп айтты эл өкүлү.

БИШКЕК, 13-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттык сактоо боюнча комитети чет элдик жарандардын ЖМКларды ачуусуна тыюу салган мыйзам долбоорун биринчи окууда колдоду. Бул туурасында демилгечилердин бири Искендер Матраимов билдирди.

Анын айтымында, 1990-жылдары кабыл алынган "Жалпыга малымдоо каражаттары жөнүндө" мыйзамга толуктоолорду киргизүү менен кемчиликтерди четтетип, ЖМКлардын ишмердүүлүгүн укуктук жактан жөндөөгө мезгил келип жетти.

"Өлкөдө маалыматтык коопсуздук зарылдыгы келип чыкты. Маселен, ЖМКлардын уставдык капиталында чет элдиктердин катышы 20 пайыздан ашпашы керек. Эгер андан жогору болсо, кайрадан катталышы шарт", — деди Матраимов.

Бишкеке көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкектин борборундагы үйлөрдү түрттүрүү — таңуулообу же заман талабыбы
Анын айтымында, бул азырынча концепция түрүндө турат жана экинчи, үчүнчү окууда кээ бир жоболору өзгөрүшү мүмкүн.

Мыйзам долбоорунда ЖМКны ачууга мамлекеттик органдар, саясий партиялар, башка юридикалык тараптар, андан сырткары, Кыргызстандын жарандары укуктуу экени айтылган.

Ал эми чет элдик юридикалык тараптар, чет мамлекеттин атуулу же жарандыгы жок, ошондой эле Кыргызстандын башка өлкөнүн атуулдугун алган жараны ЖМК ача албайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0