Жасалма паспорт даярдагандарга жаза күчөтүлөт

Жазылуу
Мындай демилгенин көтөрүлүшүнө Кыргызстандын жасалма паспорту менен Түркияда кытайлык 98 жаран кармалышы себеп болду.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары жасалма документтерди жасагандарга карата жазаны күчөтүүнү демилгелеп чыгышты. 

Мыйзам долбоор коомдук талкууга коюлду. Анын негиздеме катында Түркияда жасалма паспорт менен кармалган 98 кытайлык жаран демилгенин көтөрүлүшүнө себеп болгону жазылган. 

"Жоопкерчиликти күчөтүү — профилактикалык чара. Мындай кылмыштар өлкөнүн эл аралык деңгээлдеги беделине терс таасирин тийгизип жатат", — деп белгиленген мыйзам долбоордо. 

Паспорт. Архив - Sputnik Кыргызстан
Паспортто улутту көрсөтпөө сунушу, Россия, Казакстан тажрыйбасы, кайчы пикирлер
Жаңы сунушталган мыйзам долбоорго ылайык жасалма документ жасагандар азыркыдай эки эмес, беш жылга чейин, ал эми кызмат абалынан пайдаланган кызматкерлер беш жылдан жети жылга чейин эркинен ажыратылат. 

Жасалма документти колдонгондор 50 миңден 100 миңге чейин айып пул төлөп, мындан тышкары аларды эки жылга эркинен ажыратуу сунушталууда. 

Эске салсак, Кытайдын Үрүмчү шаарынан Стамбулга учуп келген 98 уйгур Кыргызстандын жасалма паспорту менен кармалган. Алар Стамбул аркылуу Сауд Аравияга учууга аракет кылышкан. Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматы кытай жарандарына кыргыз паспортторунун берилбегенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0