National Geographic: Кыргызстан — ак илбирстин түнөгү

© Фото / Влад УшаковАк илбирс. Архив
Ак илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган басылма Кызыл китепке кирген жаныбарлардын корголушуна өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин ролу чоң экенин белгилейт.

БИШКЕК, 16-июн. — Sputnik. National Geographic басылмасы ак илбирстерди коргоо боюнча Кыргызстанда ийгиликтүү жасалып жаткан программа тууралуу макала жарыялады

Кыргызстандагы илбирс. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандагы илбирстин жүргөн жерлери спутник аркылуу көзөмөлдөнүп баштады
Басылма ак илбирсти коргоо Кыргызстандын бийлиги үчүн артыкчылык берилген милдет экенин белгилеп, анын ийгиликтүү ишке ашышына өлкө президенти Алмазбек Атамбаевдин ролу чоң экенин белгилейт.

National Geographic жаратылышты коргоо боюнча эл аралык кеңештин маалыматтарына таянуу менен акыркы жыйырма жылда жаныбарларга болгон мыйзамсыз аңчылык Тянь-Шань тоолорун байырлаган ак илбирстердин да көбөйүүсүнө терс таасир бергенин жазат.

Бирок абал 2011-жылдан тарта оң тарабына жакшырган. Өлкө бийлиги мышык тукумуна кирген бул жаныбарды коргоо боюнча чечкиндүү чараларды көрүп баштаган. Ак илбирс байырлаган аймактар корукка алынганын басылма баса белгилейт.

Ак илбирске аңчылык кылуу Кыргызстанда тыюу салынып, ал Кызыл китепке киргизилип, коргоого алынган. NABU (жаратылышты жана биотүрдүүлүктү коргоо биримдиги) уюмунун маалыматы боюнча Кыргызстанда 300 баш ак илбирс бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0