Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Рыспаев: Кыргызстандагы телеканалдарга чет элдик жарандар ээ боло албайт

© Sputnik / Табылды КадырбековЖК депутаты Кожобек Рыспаев. Архив
ЖК депутаты Кожобек Рыспаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү жазып чыккан мыйзам долбооруна ылайык өлкө ичиндеги ЖМКларга ээлик кылган чет элдиктердин үлүшү 20 пайыздан ашпашы керек.

БИШКЕК, 17-июн. — Sputnik. Жалпыга маалымдоо каражаттары (ЖМК) тууралуу мыйзамына киргизилип жаткан өзгөрүүлөрдүн радиолорго тиешеси жок. Ал эми телеканалдарга бир гана кыргызстандык жарандар ээлик кылуусу керек. Бул тууралуу авторлордун бири Кожобек Рыспаев билдирди. 

Буга чейин мыйзам долбоорунда чет элдик жарандар өлкөдөгү ЖМКлардын 20 пайызына гана ээлик кылуусу каралган. Мындан сырткары, Кыргызстандагы ЖМКларга бир гана кыргыз жарандары, мамлекеттик органдар, саясий партиялар ээ боло алышат. 

"Мыйзам кабыл алынса чет элдик жарандар Кыргызстандагы телеканалдардын ээси боло алышпайт. Мыйзамдын радио жана гезиттерге тиешеси жок", — деди Рыспаев. 

Ал кеп бир гана телеканалдар тууралуу болуп жатканын айтып, аларга ээлик кылган чет элдиктердин үлүшү 35 пайыздан ашпашы керектигин кошумчалады. 

Социалдык изилдөөлөргө ылайык телеканалдар адамдардын 90 пайызынын коомдук пикирин жаратып, ой-жүгүртүүсүнө таасир этет.

Жаңылыктар түрмөгү
0