Турассоциация: Кыргызстан туристтерден куру кол калып жатат

© AFP / STRТемир жол платформасы. Архив
Темир жол платформасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга темир жол же жеңил унаа менен келүү туристтерге кыйынчылык жаратат. Буга байланыштуу "Ачык асман" долбоорун өнүктүрүү керек.

БИШКЕК, 22-июн. — Sputnik. Кыргызстан туристтерден транспортко байланыштуу куру кол калып жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине "Жибек жолу" туристтик ассоциациясынын президенти Владимир Комиссаров билдирди. 

Анын айтымына караганда, туристтердин Кыргызстанга келүүсү кыйынчылык жаратып келет. Себеби темир жол жакшы өнүккөн эмес. Ал эми жеңил унаа менен Казакстан аркылуу гана келүүгө мүмкүн. 

"Кыргызстанга келүүнүн жеңил жолу авиакаттам болуп жатат. Бирок бизде Россия, Түркия, Казакстан жана Кытай сыяктуу төрт гана чет элдик авиакомпания иш жүргүзүп келет. Мындан улам "Ачык асман" долбоорун өнүктүрүү керек", — деп билдирди Комиссаров. 

Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанга саякат: келген турист кайда, канчага жана кантип эс алса болот
Ассоциациянын жетекчиси мисал катары Түштүк Кореядагы Инчхон аэропортун келтирди. Анда "Ачык асман" долбоору иштегендиктен жүргүнчүлөрдүн саны 20 миллиондон ашат. 

Мамлекеттер аралык аба каттамдарды күчөтүү үчүн өкмөттөр аралык келишим аркылуу ишке ашат. Мындан тышкары, чек ара жана миграциялык мыйзамдарга байланыштуу ар бир өлкөнүн эл аралык аба каттамдарына болгон чектөөлөрү бар. Буга байланыштуу чет элдик авиакомпаниялардын каттам ачуусу көп убакытты талап кылат. Ал эми "Ачык асман" долбоору мындай кедергилерди жоюуга жардам берет. 

Жаңылыктар түрмөгү
0