ИИМдин академиясы министрликтин курамынан чыгарылат

© Фото / пресс-служба МВД КРИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрү. Архив
ИИМ академиясынын бүтүрүүчүлөрү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жумакадаров аталган академия укук коргоо органдарынын бардык окутуу борборлорунун биригүүсүнүн негизинде түзүлөрүн баса белгиледи.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. ИИМдин академиясын министрликтин курамынан чыгарып, өзүнчө Укуктук академиясы кылып түзүү боюнча чечим кабыл алынганын Коргоо кеңешинин катчысы Темир Жумакадыров кеңештин бүгүнкү жыйынында каралган жана кабыл алынган чечимдер тууралуу журналисттерге айтып жатып билдирди.  

Белгилей кетсек, Коргоо кеңешинин отурумунда Укук коргоо органдарынын системасын реформалоо жана азыркы шартта миграциялык процесстерди жөнгө салуу маселелери каралган.

Жумакадаров аталган академия укук коргоо органдарынын бардык окутуу борборлорунун биригүүсүнүн негизинде түзүлөрүн баса белгиледи. 

"Бул академиянын ичинде билим берүү, кадрларды даярдоо маселеси жогорку билимдин негизинде болуш керек деген чечим кабыл алынды. Мындай кадам кесипкөй кызматкерлерди тандоого жана аларды кыска мөөнөттө даярдоого мүмкүнчүлүк берет", — дейт ал. 

Белгилей кетсек, аталган академия Ички иштер министрлигинин курамында болуп келген.

 

Жаңылыктар түрмөгү
0