Кыргызстанда мамлекеттик кызматкерлерге костюмду чечип коюуга уруксат берилди

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүКийим илгич. Архив
Кийим илгич. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындай чечим жай мезгилиндеги ысык аба ырайына байланыштуу болду.

БИШКЕК, 4-июл. — Sputnik. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин жайкы мезгилдеги кийимине карата талаптар өзгөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди. 

Премьер-министр Сооронбай Жээнбековдун буйругу менен жай мезгилинен улам республиканын мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлеринин тышкы көрүнүшүнө карата талаптар жеңилдетилди.

"Буйрукка ылайык, расмий протоколдук иш-чаралардан тышкаркы убакта костюм, пиджак жана жакет кийүү милдеттендирилбейт", — деп айтылат маалыматта. 

Мамлекеттик аткаруу бийлик органдарынын жетекчилерине чечимди аталган буйрукка ылайык кабыл алуу тапшырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0