Декларация: Атамбаев, Жээнбеков, Турсунбековдун кимиси бай?

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив
Президент Алмазбек Атамбаев, премьер-министр Сооронбай Жээнбеков жана ЖК төрагасы Чыныбай Турсунбеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы, парламенттин төрагасы жана премьер-министрдин декларациясына көз салып, алардын кирешелери менен үй-мүлкүн тартуулап турган чагыбыз.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Мамлекеттик кадр кызматы өлкө жетекчилеринин 2015-жылы тапшырган декларациясын жарыялады. 

Маалыматка караганда президент Алмазбек Атамбаевдин бир жылдык кирешесинен чыгашасы ашып түшкөн. Тагыраагы өлкө башчынын 2015-жылдагы кирешеси 1 миллион 298 миң 448 сомду түзсө, чыгашасы 34 миллион сомду чапчыган. 

© Sputnik / Табылды КадырбековПрезидент Алмазбек Атамбаев
Президент Кыргызской Республики Алмазбек Атамбаев - Sputnik Кыргызстан
Президент Алмазбек Атамбаев

Мамлекет башчынын менчигинде 2,7 гектар жери бар. Анда аянты 116,34 чарчы метрди түзгөн курулуш жайгашкан. Ажо көп жылдык өсүмдүктөр тигилген 6,4 гектар жер аянтына (ишеним башкармалыкка берилген) дагы ээлик кылат. Мындан тышкары, ишеним башкармалыгына өткөрүп берилген көп жылдык өсүмдүктөр менен жоопкерчилиги чектелген компаниянын 100 пайыз үлүшү Атамбаевдин менчигинде. 

Ал эми жакын туугандары 182 миң 588 сомду иштеген жеринен табышса, 112 миң 273 доллар киреше банктарга салынган каражаттын пайыздарынан түшкөн. Мындан башка алардын 15,7 чарчы метрлик унаа токтотуучу жай, 133 жана 51,3 чарчы метрлик батирлери менен 86,28 пайыздык акциялары бар. 

Чыныбай Турсунбеков — Жогорку Кеңештин төрагасы 2015-жылы 889 миң 685 сом киреше тапкан. Анын жеке менчигинде эле 214, 181, 156, 69,5 жана 35 чарчы метрлик беш батири бар. Ошондой эле унаа токтотуучу 22 чарчы метрлик төрт гаражга ээлик кылып, 20 сотых жер аянты менен 418 чарчы метрлик имарат менчигинде турат. 

© Sputnik / Табылды КадырбековЖогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков
Спикер Жогорку Кенеша Чыныбай Турсунбеков - Sputnik Кыргызстан
Жогорку Кеңештин төрагасы Чыныбай Турсунбеков

Мындан тышкары, жоопкерчилиги чектелген эки компанияда 45 жана 80 пайыздык, эки ачык акционердик коомунда 16-92 пайыздык үлүшү болсо, дагы бир жабык акционердик коомунда 81 пайыздык үлүшү бар. 

Кол кармашып турган адамдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Бир тууганчиктер" Кыргызстандын саясатында
Ал эми саясатчынын "туугандары" деген бөлүмдө жылдык киреше эки графада көрсөтүлгөн. Анын бириндеги кирешенин суммасы 85 миллион 902 миң 737 сом жана Lexus-570 үлгүсүндөгү 2013-жылы чыккан унаа менен 360 чарчы метрлик үй көрсөтүлгөн. Ал эми экинчи графада жылдык кирешенин көлөмү 15 миллион сом экени жазылат. 

Мындан башка 432 жана 83 чарчы метрлик имараттар, 26,21 — 26,14 —19,95 сотых жер аянттары, 374, 109, 81 чарчы метрлик жер үйлөр, 316 — 238 — 200 — 97,5 — 33 чарчы метрлик батирлер, 338 чарчы метрлик бүтө элек объект жана Mersedes ME-350 үлгүсүндөгү 2006-жылкы унаа көрсөтүлгөн. 

Сооронбай Жээнбеков — өкмөт башчынын жылдык кирешеси 476 миң 920 сомго жеткен. Анын менчигинде айыл чарбага багытталган 21,5 — 18,73 — 6,72 гектар жер аянттары, сегиз сотых жана 1,54 — 1,05 гектар жер участоктору бар. Мындан башка көп жылдык өсүмдүктөр тигилген 17 — 40 гектар жерлерге ээлик кылат. 

© Пресс-служба правительства / Сабыр АильчиевПремьер-министр Сооронбай Жээнбеков
Премьер-министр Кыргызстана Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
Премьер-министр Сооронбай Жээнбеков

Кол саат тагынган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жаңы дайындалган министрлердин бай-кедейи ким?
Жерден сырткары 160 чарчы метр үйдүн, 120 чарчы метрлик сарайдын, 60 чарчы метрлик дача үйү, короо жайы бар үй менен соода павильонунун ээси болуп эсептелет. 

Ал эми туугандарынын бир жылдык кирешеси 3 миллион 600 миң сомго жеткен. Алардын карамагында 64 чарчы метрлик батир, айыл чарбага багытталган 10 гектар жер аянты жана 16,60 — 50 гектар жайыт жерлери менен Lexsus үлгүсүндөгү унаасы бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0