Жыл башынан бери өлкө боюнча 48 адам сууга чөксө, анын 20сы балдар болду

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүСпасательный круг. Архивное фото
Спасательный круг. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облусунда сууга чөгүп каза болгондордун саны башка аймактарга караганда бир топ эсе көп.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. Жыл башынан бери республика боюнча 48 адам сууга чөгүп каза болсо, анын 23ү эркек, бешөө аял жана 20сы жаш балдар экенин ӨКМ билдирди.

Балдар арасында Ош шаарында сууга чөккөндөрдүн саны арбын.

Аймактар боюнча алып караганда көрсөткүч төмөндөгүдөй:

  • Чүй облусу —17 адам (11 эркек, 2 аял, 4 жаш бала);
  • Нарын облусу — 3 адам (1 эркек, 2 жаш бала);
  • Талас облусу — 3 адам (2 эркек, 1 жаш бала);
  • Ысык-Көл облусу — 3 адам (1 эркек, 1 аял, 1 жаш бала);
  • Жалал-Абад облусу — 2 эркек киши;
  • Баткен облусу — 2 адам (1 эркек, 1 жаш бала);
  • Ош облусу — 5 адам (2 эркек, 3 жаш бала);
  • Ош шаары — 7 адам (1 аял, 6 жаш бала);
  • Бишкек шаары — 6 адам (3 эркек, 1 аял, 2 жаш бала).

Жайкы сезон башталгандан бери сууга чөккөндөрдүн саны көбөйүп жатканын ӨКМ маалымдап, жарандарды этият болууга чакырат.

Кыргызстанда адамдын өмүрүн алган кандуу көл-дарыялар жөнүндө Sputnik Кыргызстан материалынан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0