Тянь-Шань тоолору. Архив

Батыш Тянь-Шанды ЮНЕСКОнун материалдык эмес тизмесине киргизүү каралууда

474
(жаңыланган 13:52 11.07.2016)
Жекшемби күнү ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча комитетинин кезектеги жыйыны ачылды.

БИШКЕК, 11-июл. — Sputnik. ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар боюнча өтүп жаткан 40-жыйынын алкагында эксперттер дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизүүгө түшкөн 29 арызды карайт. Бул туурасында аталган уюмдун сайтында маалымдалган. 10-июлда башталган сессия дагы тогуз күн уланат.

Тизмеге кирүүгө талапкер болгон мурастардын катарында Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сунуштаган Батыш Тянь-Шань тоо кыркалары кирет.

Ажайып Кыргызстан: суктанып көз талбаган Чоң-Ак-Суу капчыгайы
© Sputnik / Акылбек Батырбеков , Эмиль Садыров
Арыздардын арасында биздин тоолордон башка Ирактын түндүгүндөгү месопотамия саздары, Чыгыш Египеттеги орто кылымга таандык делген бейиттер, Гибралтардагы неандерталецтердин үңкүрлөрү, Ирандагы Деште-Лут чөлдөрү дагы бир катар жайлар бар. Булардын сырткары бизге аймакташ Түркмөнстан Койтендаг тоо кыркаларын сунуштаган.

Мындан сырткары бул сессияда дүйнөлүк мурастар тизмесине киргизилген 108 объектинин, анын арасында кара тизмеге кирген 48инин абалы талкууланат.

Буга чейин ЮНЕСКОнун дүйнөлүк мурастар тизмесине Сулайман-Тоо менен кыргыз боз үйү киргизилген. 

ЮНЕСКОнун тизмесине алынган мурастар туурасындагы маалыматты Sputnik Кыргызстан агенттигинин төмөнкү инфорграфикасын таанышсаңыздар болот.

Кыргызстандын маданий мурастары тууралуу Sputnik Кыргызстандын инфографикасынан көрүңүздөр>> 

474
Белгилер:
Сулайман тоо, маданий мурас, Боз үй, тизме, ЮНЕСКО, Тянь-Шань
Тема боюнча
"ЮНЕСКО шедеврлеринин жолугушуусу" фестивалына манасчы Замирбек Баялиев катышууда
Арсланбаптын жаңгактары туристтерди кызыктырышы мүмкүн
Айыл чарба министри Тилек Токтогазиев. Архив

Тилек Токтогазиев Айыл чарба министрлигиндеги көйгөйлөрдү ачыктады

216
(жаңыланган 00:23 26.10.2020)
Министрдин айтымында, ведомство Советтер Союзунан бери өзгөрбөгөндөй сезим калтырган. Анда керек болсо жылуулук жок экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-окт. – Sputnik. Айыл чарба министрлигинде жаңыланууну талап кылган нерселер көп экен. Бул тууралуу министр Тилек Токтогазиев өзүнүн Facebook баракчасы аркылуу түз эфирге чыгып билдирди. 

Ал кыска мөөнөттүн ичинде өзгөртүүлөрдү жасап, анда иштеп жаткан адистерге жакшыраак шарт түзүп берүүгө аракет жасай турганын белгиледи.

35 жашка чыкпай жогорку кызматты ээлеген аткаминерлер. Тизме

“Башка министрликтерге салыштырмалуу бул жактын айлыгы аз экен. Жакшы адистерге жакшы маяна төлөп бергидей кылышыбыз керек. Иштөө шарттары дагы начарыраак экен, мисалы жылуулук жок, суук. Ушунун баарын акырындык менен ордуна алып келебиз. Документтердин бардыгы кагаз түрүндө экен. Аны электрондук форматка өткөрүү зарыл”, - деди министр.

Токтогазиев кагаздар электрондук форматка өтсө ички процесстер, дыйкандарга кызмат көрсөтүүлөр батыраак жүрөрүн кошумчалады. Ал ошондой эле министрликте 888 киши иштей турганын, жалпы ведомство текшерилсин деген буйрук чыгарганын белгиледи.

“Азыр биз аудит баштадык. Жалпы министрлик текшерилсин деп Эсептөө палатасына кат менен кайрылдык. Бүт агенттиктер менен департаменттер текшерилет. Функционалдык анализ жүргүзүлүп, кайсы позициялар керек, кайсылары кереги жок экени аныкталат. Себеби бири-бирин кайталап калган штаттар болушу мүмкүн. Аларды кыскартууга туура келет”, - деди Токтогазиев.

Эң жаш министр алдыда чоң реформаларды жасоо ниети бар экенин кошумчалады.

216
Белгилер:
реформа, көйгөй, Тилек Токтогазиев, Айыл чарба жана мелиорация министрлиги
Тема боюнча
Тилек Токтогазиев жыйын өткөрүп, министрликтеги ишин эмнеден баштаарын айтты
Колунда күйүп турган ширеңке менен киши. Архив

Вандалдар Бишкектин чок ортосундагы скульптураны өрттөп кетишти. Видео

303
(жаңыланган 23:13 25.10.2020)
Скульптура 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн атайын кызматтар алып кетип турушкан.

БИШКЕК, 25-окт. – Sputnik. Бишкектин Эркиндик проспектиндеги жыгачтан жасалган павлиндин скульптурасын вандалдар өрттөп кетишти. Бул тууралуу “Бишкек жашыл чарба” ишканасынын маалымат катчысы Аида Айдаралиева Facebook баракчасына жазды.

“Акыркы кезде вандалдар тууралуу бат-баттан жазып калганым абдан өкүнүчтүү. Павлиндин скульптурасы 2018-жылдан бери турган. Кээде анын лагын жаңыртуу үчүн алып кетип турчубуз. Эми аны вандалдар өрттөп салыптыр. Эмнеге мындай кадамга барышканы белгисиз”, - деди Айдаралиева.

Анын айтымында, видео төрт күн мурда тартылган.

303
Белгилер:
өрт, вандализм, скульптура, Бишкек
Тема боюнча
Дарыканадан акча уурдай качып, кайра кайтарып камалган жигиттин маеги