Күч түзүмдөрүнүн кызматкерлери киреше салыгынан бошотулат

Жазылуу
Кыргызстанда киреше салыгынын көлөмү 10 пайызды түзөт.

БИШКЕК, 11-июл.— Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев күч түзүмдөрүнүн кызматкерлерин киреше салыктан бошото турган Салык кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу Мыйзамга кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Мыйзам Жогорку Кеңеши тарабынан 2016-жылдын 2-июнунда кабыл алынган.

Салык кодексинин 167-беренесинин 2-пунктунун жаңы редакциясына ылайык бир катар мамлекеттик кызматчылардын киреше салыгы алынбайт. 

"Аскер кызматчыларынын, ички иштер маселелерин тейлеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын, баңгизаттарды көзөмөлдөө чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкерлеринин, жазык-аткаруу тутумунун мекемелеринин жана органдарынын кызматкерлеринин азык-түлүк паегунун ордуна берилген акчалай үлүштөр жана компенсациялар түрүндөгү кирешелерине киреше салыгы салынбайт", — деп жазылган мыйзамда.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0