БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Илгертен мал чарбачылыгы менен алектенген кыргыздардын макал-ылакаптары, чыгармалары да жаныбарларга байланыштуу айтылган учурлары кездешет. Бүгүнкү "Тибиртке" рубрикасында кыргыздар жаныбарларды кантип чакырып же кубалаганы тууралуу жазууну туура көрдүк.
Кой — чакырганда: тшөө-тшөө; кырой-кырой; айдаганда: кош!
Ат, жылкы — чакырганда: мо-мо; бо-бо! Кулун — кыруу-кыруу; айдаганда:чү!
Ит — чакырганда: күчү-күчү, ме-ме! айдаганда: чык, кет!
Мышык — чакырганда: мый-мый; айдаганда: пыш!
Төө — чакырганда: бопо-бопо; айдаганда: оу-оу!
Топоз — айдаганда: оу-оу!
Уй — чакырганда: хоу-хоу! айдаганда: өш!
Эчки — чакырганда: чучу-чучу! айдаганда: чек! чиге!
Эшек — чакырганда: ар-ар; айдаганда: хы-хы!
Тоок — чакырганда: тү-тү,тү-тү! айдаганда: түт!
Балапан — чакырганда: чыйп-чыйп; айдаганда: түт!
Бүркүт — чакырганда: кыйтуу-кыйтуу; айдаганда: айдайт-айдайт.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев базардын айланасында товарларды жайып саткандар менен күрөшүү үчүн УКМКдан жардам сураганын билдирди.
Ал бул боюнча Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин башчысы Камчыбек Ташиевге кат жиберген.
Ошондой эле Түлөбаев "Ош" базарында болгон окуя сыяктуу көрүнүшкө жол берилбеши керектигин айтты. Буга чейин социалдык тармакта рейд учурунда сатуучунун мэриянын кызматкери жана милиционер менен тирешкен видеосу тараган.
"Билем, саботаж кылып жатышат, айтканды укпай жатышат. Мындай да, тигиндей да айттык, болбой жатышат. Эки күн мурун Камчыбек Кыдыршаевичтин атына кат жибердим. Менин күчүм жетпей жатат, мага жардам бергиле дедим. Жайма базар менен күрөшүүгө топ жибериңиз деп өтүндүм. "Ош" базарынан, "Аламүдүн" базарынан акча чогултуп жаткан чагымчылдар тууралуу билебиз. Кат келеби, жокпу билбейм, биз катуу иштейбиз. Болду эми, жакшы эле кечириштик", — деди Түлөбаев.
Шаар башчысынын милдетин аткаруучу сатуучуларды базардын ичине кирип соода кылгыла деп айтып жатканын жана ал жакта орундар бар экенине ишендирди.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев жаңы шайланган президент Садыр Жапаров менен жолукканын билдирди.
Шаардын социалдык маселелери боюнча жыйында Түлөбаев Жапаров ага томолой жетим балдар үчүн үй жана селсаяктар үчүн борбор курууну тапшырганын айтты.
"Садыр Жапаров томолой жетим балдар үчүн көп кабаттуу эки үйдүн курулушуна каражат табууга убада берди. Курулуш вице-мэр Азамат Сагындык уулунун сунушу менен Учкун кичи районунда (Свердлов району) жана Ленин районундагы жер тилкеде жүрөт деп болжолдонду. Акырындык менен жетим балдарды батир менен камсыздай алабыз деп ойлойм", — деди Түлөбаев.
Ал социалдык бөлүмгө муниципалитетте каттоодо турган жетим балдар тууралуу маалымат берүүнү тапшырганын кошумчалады.
Жапаровдун экинчи тапшырмасы, тагыраагы, селсаяктар үчүн борбордун курулушуна 50 сотых жер аныкталып, ал жай 200 кишиге ылайыкташарын айткан.
Шаардын мэринин милдетин аткаруучу борбордун өзүнүн дарыгерлери болорун, милиция кызматкерлери коопсуздукту камсыз кылып, шаардык бюджеттин эсебинен мончо жана ашкана куруларын кошумчалады. Ал мындай жайды курууда мэрия коомдук фонддордон жардам алууга даяр экендигин да айта кетти.