Чет жактан чоңдор келгенде жер титиреп, унаа жарылып, тоо көчкөн учурлар

© Sputnik / Табылды КадырбековПожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт "Манас"
Пожар бензовоза на улице Фучика — по дороге в аэропорт Манас - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанга акыркы жылдары бир катар мамлекеттердин жогорку даражалуу жетекчилери келип кетти. Алардын катарын Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ, Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев бар. Бул лидерлер келгенде аларды коштогон окуялар кошо болгон учурларды эстедик.

БИШКЕК, 14-июл. — Sputnik. Германиянын канцлери Ангела Меркель Кыргызстанга иш сапары менен келгенде өлкө аймагында жер титиреди.

Албетте, жер силкингенин Бишкектен Меркель айым туйган деле жок. Ал өлкөнүн түштүгүндө Бор-Дөбө, Нура айылдарында сезилди.

Sputnik Кыргызстан агенттиги башка мамлекеттин жетекчилери келгенде өлкөдө кандай нерселер болгонун эстеп көрдү.

Медведев жана Фучиктеги жарылуу. 2016-жылы 6-июнда Кыргызстанга Россиянын премьер-министри Дмитрий Медведев келген. Бул күн жолдордун тосулушу жана бир катар мамлекеттер аралык документтерге кол коюлгандан тышкары Бишкектин Фучик көчөсү жакта газ ташыган унаа жарылганы менен эсте калды. Анын кесепетинен алты киши каза болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековЯпон премьер-министри Синдзо Абэнин Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда 3,5 баллдык жер титиреди
Визит главы правительства Японии Синдзо Абэ в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Япон премьер-министри Синдзо Абэнин Кыргызстанга болгон иш сапары учурунда 3,5 баллдык жер титиреди

Япон премьери шыпты тиктегенде. 2015-жылы 26-октябрда Япониянын премьер-министри Синдзо Абэ Кыргызстанга келгенде жер титиреген. Бишкекте жер силкинүүнүн күчү 3,5 баллды түзгөн. Жердин термелүүсүн Абэ дароо сезип, анын шыпты тиктеп калганын Sputnik Кыргызстан агенттигинин сүрөтчүсү Табылды Кадырбеков тартып калган.

Бул жер титирөөнүн эпицентри Афганистандын аймагында катталып, анын күчү Индия, Пакистан жана Тажикстанда сезилген.

Назарбаев келгенде таш кулап. 2015-жылдын 12-августунда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Кыргызстанга келгенде, Ысык-Көлгө бара жаткан жолдогу Боом капчыгайында тоонун боорундагы кум-шагыл эшилип түшүп, жолду жаап калган. Анын кесепетинен Бишкек — Балыкчы кан жолунда 5 чакырымга чейин жеткен автотыгын пайда болгон.

© Sputnik / Эркин АлымбековЖон Керринин Кыргызстанга болгон иш сапары
Визит Джона Керри в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Жон Керринин Кыргызстанга болгон иш сапары

Хэллоуин жана Кэрри. Кыргызстанга АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри былтыр 31-октябрда келгенде адаттан тыш эч нерсе катталган эмес. Бирок, Хэллоуин майрамына туш келген.

© Sputnik / Табылды КадырбековТүркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон иш сапары
Визит президента Туркменистана Гурбангулы Бердымухамедова в Кыргызстан - Sputnik Кыргызстан
Түркмөн президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун Кыргызстанга болгон иш сапары

Кыргызстанды дүрбөтпөгөн түркмөн лидери. Ал эми Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухаммедовдин сапары учурунда өлкө аймагында адаттан тыш эч нерсени байкаган жокпуз. Түркмөн лидери Кыргызстанга 2015-жылы 5-августта келип кеткен.

Жаңылыктар түрмөгү
0