Кыргызстанда 6 айдын ичинде 31 миллиард сом салык чогулду

© Фото / пресс-служба ГНС КРБрошюра памятка налогоплательщика. Архивное фото
Брошюра памятка налогоплательщика. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Быйылкы жылдын алты айында чогулган салыктын көлөмү былтыркыга салыштырмалуу 40,5 пайызга көбөйгөн.

БИШКЕК, 15-июл. — Sputnik. Кыргызстанда алты айдын ичинде 31 миллиард 63,1 миллион сом салык чогулганын Мамлекеттик салык кызматы билдирди.

Былтыркы жылдын ушул маалына салыштырмалуу салыктан түшкөн каражаттын көлөмү 40,5 пайызга же 8 миллиард 961,4 миллион сомго көбөйгөн.

"Ал эми үстүбүздөгү жылдын июнь айынынын ичинде 5 миллиард 923,8 миллион сом чогулуп, көрсөтүлгөн пландан 652,5 миллион сом ашыгы менен чогулган", — деп айтылат маалыматта. 

Мындай көрсөткүч былтыркы жылдын июнь айына салыштырмалуу салыктардын чогулушу 2 миллиард 204,2 миллион сом, же 59,3 пайызга көбөйгөнүн билдирет.

Жаңылыктар түрмөгү
0