Жекшембиде Кыргызстанда ысык 35 градуска жетет

© Sputnik / Табылды КадырбековФонтандын жанындагы кыздар. Архив
Фонтандын жанындагы кыздар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-июль. — Sputnik. Эртең өлкөдө күндүн ысыктыгы 35 градуска жетет. Түнкүсүн жаан-чачын жаабастыгын жана күндүз айрым жерлерде өткүн өтөрүн Кыргызгидомет билдирди.

Шамси капчыгайы. Бул ажайып жер Чүй облусунда жайгашкан жана Кегети өрөөнүнө кирет - Sputnik Кыргызстан
Саякатка чакырган Кыргызстандын ажайып он беш сүрөтү
Бишкек шаарында аба ырайы ачык болуп, күндүн температурасы 33 градуска чейин ысыйт. Ош калаасында аптап 35ка жетет.

Өлкө боюнча шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Кыргызгидромет 2016-жылдын 16-17-июлунда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүндүгүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0