Юстиция министрлиги Кыргызстандын жарандыгын алуу мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат

Жазылуу
Демилгечилер аталган кадам улуттун коопсуздугу үчүн жасалып жатканын белгилейт.

БИШКЕК, 19-июл. — Sputnik. Юстиция министрлиги Кыргызстандын жарандыгын алуу мөөнөтүн узартууну сунуштап жатат. Аталган демилге "Кыргыз Республикасынын жарандыгы жөнүндө" мыйзамына өзгөртүү аркылуу ишке ашат.

Демилгечилер мындай кадам улуттун коопсуздугу үчүн жасалып жатканын белгилешет.

Мыйзам долбооруна ылайык, жарандыкты берүү мөөнөтү тездетилген убакытта 60 күн, жалпы тартип боюнча 120 күндө берилет.

Белгилей кетсек, азыркы мыйзам боюнча кыргыз жарандыгы тездетилген убакытта 30 күн, жалпы тартип боюнча 90 күндө берилип келет.

Жаңылыктар түрмөгү
0