Кыргызстанда парламентке шайлоону облустар боюнча жүргүзүү сунушталууда

Жазылуу
Мыйзам долбоору шайлоо боюнча мыйзамга бир катар өзгөртүүлөрдү киргизүүнү сунуштайт. Алар: шайлоо фондунун бирдиктүү өлчөмү, билборддордон баш тартуу жана дебаттардын жаңы эрежеси.

БИШКЕК, 20-июл. — Sputnik. Кыргызстандын айрым саясатчылары шайлоо мыйзамын өзгөртүүнү сунуштап жатышканын маалымат жыйында билдиришти.

Мурдагы депутат Жылдызкан Жолдошева ар бир облуста мандаттардын саны белгиленип, партиялар ал үчүн ат салыша турганын айтат.

"Жалпы мандаттын саны 120 болуп эле кала берет. Бирок, Ош облусу үчүн 24 орун, Жалал-Абад үчүн 20 мандат болот. Ар бир тогуз субъектке — жети облус менен Бишкек жана Ош шаарлары үчүн квота болот", — дейт Жолдошева.

"Бүтүн Кыргызстан" партиясынын лидери Адахан Мадумаровдун айтымында башка нормалар дагы бар. Мисалы дебаттарга бардык партиялардын өкүлдөрү чыгат. Дебатка катышуудан баш тарткандарды партиянын катарынан чыгаруу сунушталууда.

"Эң маанилүү учур билборддордун жокко чыгышы, башкача айтканда кооз сүрөт менен акылдуу сөздөрдү жазып клоун болууга тыюу салынат. Андан көрө дебатка чыгышсын", — дейт Мадумаров.

Президент Алмазбек Атамбаев и председатель Центральной комиссии по выборам и проведению референдумов Нуржан Шайлдабекова. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев БШК жетекчисине президенттик шайлоону ачык-айкын өткөрүүнү тапшырды
Саясатчылардын бири Арсланбек Малиев бул шайлоо мыйзамында боло турчу өзгөрүүлөр экенин айтат. Дагы бир өзгөчөлүгү бардык талапкерлерден түзүлүүчү шайлоо фонду.

"Орточо айлык акыны эске алганда айына беш миң сом деп эсептесек, беш жылда 300 миң сом болот экен. 120 депутаттын ар бири ушунча көлөмдө акча берсе 36 миллион сом болот. Буга чейин тизмеге айдоочудан баштап кирип кетишчү", — дейт Малиев.

Ал ошондой эле мыйзам долбоорун колдоо боюнча 10 миң кол топтолгондон кийин парламентке жиберилерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0