ӨКМ: катуу жааган жаандан улам сел жүрүшү мүмкүн

© Sputnik / Леся Полякова / Медиабанкка өтүүКатуу жамгырда кол чатыр кармап бараткан кыз. Архив
Катуу жамгырда кол чатыр кармап бараткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шашылыш билдирүү уюлдук операторлор аркылуу элге СМС аркылуу маалымдалды.

БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Катуу жааган жамгырдан улам республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 21-23-июль күндөрү мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар түшүүсү күтүлүүдө.

"Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарбачылыгына зыян келтирип, автоунаа каттамдарын, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда малды кармоону кыйындатат", — деп айтылат маалыматта.

Шашылыш билдирүү уюлдук операторлор аркылуу элге СМС аркылуу маалымдалды.

Жаңылыктар түрмөгү
0