Кыргызстанда жаштар үчүн ири долбоорлор ишке ашырылат

© Sputnik / Владимир Пирогов / Медиабанкка өтүүКыргызстандын желегин кармаган жаштар. Архив
Кыргызстандын желегин кармаган жаштар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Аталган долбоорлор үчүн 1 миллион 50 миң сом каралган.

БИШКЕК, 25-июл. — Sputnik. Жаштар, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиги бир канча ири долбоорлорго конкурс жарыялаганын кабарлады.

Ал сынактарга мамлекеттик эмес уюмдар катыша алат.

Агенттиктин маалыматына ылайык, төрт долбоор: "Жаш үй-бүлө", Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгы, жаш ыктыярчылардын форуму жана жаштар уюмдарынын жарманкеси уюштурулат.

Аталган долбоорлорду ишке ашыруу үчүн 1 миллион 50 миң сом каралган.

Жаңылыктар түрмөгү
0